Кечээ, 20-апрелде Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы кыргыз-индия ТИМдер аралык консультацияларын өткөрүүнүн алкагында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары Гитеш Шарма менен жолукту. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар саясий жана маданий-гуманитардык кызматташуунун жогорку деңгээлин, ошону менен бирге, экономикалык өз ара аракеттенүүнү жандандыруу зарылчылыгын, биргелешкен ишканалар менен финансылык институт түзүүнүн жана башка экономикалык долбоорлорду илгерилетүүнүн максатка ылайыктуулугун белгилешти. Алдыдагы ШКУ Тышкы иштер министрлеринин Кеңешине жана Индиянын Премьер-министринин Кыргызстанга расмий иш-сапарына өзгөчө көңүл бурулду.
ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди, анткени бул консультациялар алдыдагы иш-чараларды иштеп чыгууда негизги платформалардын бири болуп саналат жана кызматташуунун бардык спектрин конструктивдүү талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык мамилелери эки өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн ырааттуу өнүгүп, тереңдей берерине ишеним артылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ