Menu

Сагызган өзүн сакмын дейт, мен жеген жокмун “акмын” дейт…

Бөлүшүү:

ЖЭБти жеген жемкорлордон 111 миллион долларды кустуруш керек

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишинде миллиондогон долларды кулкунга куйгандар боюнча соттук иш аксап жатканын айта кетишибиз керек. Башталбай жатып адвокаттардын арызы менен тыныгуу алып, бир нече күндөн кийин кайра уланган. Бирок, адвокаттардын жоктугунан улам жылып, өткөн аптадагы отурумда гана араң бир кадам таштай алды. Свердлов райондук сотунда прокурорлор күнөөкөрлөрдүн айыбын угузду. Албетте, көнгөн адатка ылайык экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баштаган соттолуучулар күнөөнү мойнуна алган жок.

Башкасына кол шилтеген күндө да, мына ушул иште мамлекет да, эл да тыкыр көзөмөл жүргүзүшү шарт. Анткени, миллиондогон доллар жоголгон. Бир кычкачтын баасын 600 долларга чыгарып, жемкорлор капчыгын кампайтып кеткен. Кытайдан алынган карыздын максаттуу жумшалгандыгын текшерген эксперттик топ Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишинде 111 миллион доллар сол чөнтөккө солонгонун аныктап чыгышкан. Бул оңбогондой каражат. Мамлекеттин мойнуна илинген карыз. Демек, буга кайдыгер мамиле жасабастан ар бир жараныбыз тикесинен тик туруп, иштин адилет чечилишин талап кылышыбыз керек. Бул жемкорлорду соттоп гана тим болбостон, жегендерин бүт бойдон казынага төктүрүш керек.

Иштин чоо-жайын эске сала кетсек, былтыр 26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык катталып, шаар тургундары 7 күн бою ызгаарда калган. Анын кесепеттерин текшере келгенде модернизациялоо үчүн Кытайдан кредит катары алган 386 миллион доллар асманга сапырылып кеткени ачыкка чыгып, УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон. Мамлекет жетекчилеринин чечкиндүү аракеттери менен лөктөрү кармалып, темир торго киргизилген. Алардын катарында мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов,
«Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова бар.

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов коомдук жактоочудан айрылды

Калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда териштирилип жаткан иши да улам жылдырылып, адвокаты келбей калыптыр деген шылтоо менен созулуп келүүдө. Буга чейин эки, үч курдай ошондой болгон, 17-апрелдеги процессте да коомдук жактоочу Токтайым Үмөталиева келбей калды деген чапанга жамына калганга аракеттенип көрүштү. Бирок, прокурорлордун чечкиндүүлүгүнөн, мыйзамды так түшүндүрүп берген аракетинен кийин судья аргасыз түрдө айыптоочулардын талабын канааттандырып, коомдук жактоочунун иштен четтетти. Ага улай соттук отурум да адвокаттардын бири өзүнүн жактоосундагы Юрий Васильев күнөөсүн мойнуна алганын билдирди. Ал «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда «Дастан» ишканасында директор болуп иштеген. Сот 24-апрель саат 14:00гө жылды.

Иштин чоо-жайын баяндай кетсек, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов баш калаада мектеп салууга бөлүнгөн 2 миллион долларды кымырган жемкорлук боюнча айыпталууда. Ал эми Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алганы, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргени жана Бишкектин түштүгүндөтү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бардыгы боюнча айыптар коюлган. Эки мэрдин иши боюнча шектелгендердин катарында 12 киши бар.

Албек Ибраимовдун өзүнө жана аялына катталган кыймылсыз мүлктөрдүн жалпы саны 186дан ашык. Тергөөнүн жүрүшүндө экс-мэр өзүнө 39 мүлк, аялы Айнура Ибраимовага 147 кыймылсыз мүлк каттаганы ачыкка чыккан. Майдалай айтсак, Албек жеке керт башына Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынан 10 гектардан турган 34 жер тилкесин каттаптыр. Бул бир айыл жайгаша турган аймак да. Мындан сырткары, көзү тойбогон эргулдун Арашан айылында гаражы, курулуп бүтөлек турак-жай объектиси, коммерциялык мастерскою, айыл чарба багытындагы сарайлары жана бир даана толук курулуп бүткөн турак-үйү бар экен. Албек аялына дагы болуп көрбөгөндөй байлыкты чегерип, Айнура Ибраимовага Арашан айылынан 147 объектини каттаган. Анын 10у айыл чарба фермасы болуп саналса, 42си айылчарба багытындагы кайрак жер тилкелери. 47си айыл чарба багытындагы сугат жер, 46сы чөп чаба турган жерлер.

Ал эми Кубанычбек Кулматов мүлктөрүнүн негизги бөлүгүн биринчи жубайы Наталья Кулматовага каттаган. Бишкектин борбордук бөлүгүндө эле бир нече турак жайы бар. Алсак, Тынчтык проспектисинде, Эркиндик, Ясненский, Он-Арча, Орозбеков көчөлөрүндө бир нече элиталык батирлери бар. Баш калаада «Бишкек» рестораны, Ысык-Көлдөгү Кара-Ой айылында эс алуучу бир нече коттедждери да бар. Бишкектин Орозбеков көчөсүндөгү батирлерди уулу Каныбекке каттап берген. Жер тилкелери да бир нече экени билинген. Эркиндик сейил багында күн сайын миллиондогон киреше тапкан салону, жеке ишканалары бар. Акыркы үлгүдөгү кымбат баалуу автоунааларды санасаң санак жетпейт.

Кулматовго «Баалар боюнча кыргыз ассоциация» биримдиги, «Гринвейс» курулуш компаниясы, «Эйжен Хоспиталити» бирикмеси, «Көз карандысыз баа жана экспертиза» ЖЧКсы тиешелүү экени аныкталган. Жаш аялы Жамийлада «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү автоунаа бар. Айтор, майдалап айта берсең бүтпөй турган мүлккө ээ болушкан. Бир учурда Ата-Түрк паркындагы мыйзамсыз берилген жерде дагы Кулматовдор эки участокко ээ болуп, особняк салганы айтылган. Кыскасы, Албек менен Кубанычбек мамлекеттик кызматтарды аркалап жүрүп кокосуна чейин байыганы факты менен ачыкка чыгып отурат. Анан булар кантип сүттөн тазабыз деп актана алат? Элдин байлыгы элге кайтыш керек да.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: