Menu

Казакстанда абактагы трансгендер аялга зомбулук көрсөткөн атайын кызматтын өкүлү соттолду

Бөлүшүү:

6-октябрда Алматы облусунун Иле райондук соту абактагы трансгендер аял Виктория Беркхожаевага сексуалдык зомбулук көрсөтүү жана кыйноого алуу иши боюнча өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) мурдагы кызматкери күнөөлүү деп табылып, беш жыл алты айга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары сот аны мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан жана УККнын майору наамынан ажыратты.

Жабырлануучунун адвокаты өкүм жеңилирээк болуп калганын билдирип, жогорку баскычтагы сотко даттана тургандыктарын билдирди. Азырынча айыпталуучу тараптын өкүм боюнча пикири белгисиз.

29-сентябрда өткөн тараптардын жарыш сөзүндө прокурор айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. УККнын мурдагы кызматкери тагылган айыптоолорду четке кагып, соттон актоону сураган.

Кылмыш иши трансгендер Виктория Беркходжаева 2019-жылы камакта зомбулук көргөнү жөнүндө арыз жазгандан кийин козголгон. Бул иш боюнча ушул эле жылы октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери камакка алынган.

Беркходжаева 2016-жылы ири өлчөмдө акча опузалап алуу шеги менен кармалган. 2017-жылы Алматы соту аны жети жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын Алматы облусундагы Жаугашты кыштагындагы түрмөдө өтөп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: