Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров жакында башкы прокурор болоору айтылууда. Учурда бул боюнча маселе Ак үйдө каралып, чечилип жатыптыр. Буга баш прокурор Индира Жолдубаеванын ишенимди актай албаганы себеп болуптур. Чындыгында Индира айым аталган кызматты жетектей баштаганы коррупцияга каршы күрөш солгундап, бир дагы чиновник Жолдубаеванын учурунда жоопко тартылган жок. “Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” дегендей эле иштеди. Кыскасы, суйкайып келип, суйкайып кеткени менен эсте калмай болду. Ал эми Темир мырза башкы прокурор болуп калса ишеничти актайбы, жокпу аны мезгил таразалаар.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ