Караколдо окуучу теңтушун бычак менен сайган. Окуя бүгүн, мектептин аймагында болгон.
“Окуучулар параллель класстарда окушат. Кайым айтышуудан кийин алардын бири экинчисин бычак менен бутка сайган. Жабырлануучу ооруканага кайрылган. Дарыгердин жардамын алган соң окуучу кайра мектепке келип, аны сайган баланы таяк менен сабап кеткен”-деп билдиришкен ИИМде.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин “башаламандык” беренеси боюнча эки кылмыш иши козголгон. Окуучулардын ата-энелери милицияга арыз жазуудан баш тартышууда. Өзгөчө кырдаалга жол берген инспекторго карата кызматтык иликтөө жүрүп жатат, деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ