Турмуштун агымы эч такыр токтобойт. Бири кетсе, анын ордуна экинчиси, керек болсо жетинчиси келет. Жакындан бери ак үйдө “серый кардиналдар” пайда болгонун кадимки эле аты элге таанымал саясатчылар кенен отуруп алып, көгүлтүр экрандан байсап жатышат. Кызыгы, тили кыскалык кылып атабы, атын айталышпай ынтыгышып кутулушууда.
Өткөндө Камчыбек Ташиев Нью ТВга келиптир чакыргандан улам. Ошондо алып баруучулукту моюндаган Нурлан Шакиев улам жарга такайт десең “серый кардиналдын” атын угузабы деп. Тилекке каршы так ошол жерине келсенде нотасын өзгөртүп жиберип жатпайбы, кашайып. Чынында кууш жерлерден жаңыдан пайда болгон “тигилерди” кеп кылып жатышат. Сакпоев, Сулкарнаев, Какжариев дегендердин жели шамалга айланды, оозунан сөз чыгалекте ысык токочу тандырдан кызарып түшөт экен дешип шыбырашат, суктангандар. Эмне болгон күндө да бийлик башчы кетер менен башка топтогулар топту тоголото тээп калышаары жаңылык деле болбой калганы качан…
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ