Menu

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: «Депутаттын итчилиги же шопурлардан кордук көргөн кыргыздар»

Бөлүшүү:

Адвокат Канат Жайлообаев Бишкектеги маалымат жыйынында, Жогорку Кеңештин депутаты, Атамбаевдин тарапташы, Атамбаев дайындаган СДПК партиясынын Бишкек шаардык комитетинин координатору, лидердин орун басары болгон Ирина Карамушкинанын айдоочусу катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишти кайра кароону талап кылды.

Депутат Карамушкина социалдык тармактарда: «Адегенде бул нерсеге акылым жетпеди…», деп жарыя кылды. Жардамчысы акылдуурак окшойт: «Кеп мурдагы шоопуруңуз тебелеп кеткен эки адам тууралуу болуп жатса керек», – ​деп түшүндүрүп берсе керек, кысталак…

Карамушкина шопуру менен чоң ылдамдыкта баратып, ит тебелегендей тебелеген эки адамды эстеди. Бирок, бири каза болуп, экинчиси оор жаракат алып, азыркыга чейин дарыланып жүргөн жарандар тууралуу адвокат маселени көтөрүп чыкса, “Алардын өлгөн, өлбөгөнү менен менин эмне ишим бар?” –​дегендей суроо берип, адамгерчиликке сыйбаган итчилик кылып, адвокат Канат Жайлообаевди «адамгерчилиги жок» деген кеңкелестик пикири менен, юристтин адвокаттык лицензиясын алуу керек, деген маселе көтөрүп туру.

Адвокат “Ошол күнү депутат менен шопуру тойдон келе жатып, мас абалында болгон…”, — ​деген кеңири тарап кеткен кепти текшерип, же тастыктап, же жокко чыгарып, депутаттын машинасы ит тебелегендей тебелеп кеткен кыргыз жаранынын арбактарын тынчтандырып, Карамушкина мас беле, соо беле, жөн эле маркумдун үй-бүлөсүнөн кечирим сурап койсо, деген эле ою болгон экен…

Ырысбек Өмүрзаков, журналист

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: