Жекшемби күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде мигранттар менен эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын кызматкерлери чоң жыйын өткөргөнүн элчиликтен билдиришти. Чогулушка диаспора жетекчилери, кыргызстандык таксисттер, спорт клубдардын, авиакассалардын өкүлдөрү жана КР менен РФнын ИИМ жана миграция кызматтарынан өкүлдөр катышты. Ошондой эле кыргызстандыктар иштеткен кафе, ресторандарга кирип “миграциялык мунапыс” боюнча маалымат берүү сунушу каралды.
Кошумчалай кетсек, иш-чаранын негизги максаты — Россия 16-октябрдан 10-декабрга чейин өткөрүп жаткан “миграциялык мунапыс” тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ