Menu

“Тополоң” салгысы келген Токтайым Умөталиева КСДПдан эмнени үмтөтүп жатат?

Бөлүшүү:

«Укук коргоочу» деген атка жамынып алып, айрымдар алы менен акылы жеткен дагы, жетпеген дагы иштерге баш тыга бермей адат менен ооруп жүрүшөт. Маселен, ар качан тополоңдо томпоңдоп жугүрүп чыга калчу Токтайым Үмөталиева деген апче бу сапар да «ызвезда» болгусу келип жатат. Кеп жүйөөсү мындай. Былтыркы шайлоодо чет өлкөлүк компаниядан 150 миң доллар акча алганы боюнча экс-президенттин «шоопуру» Икрамжан Илмияновго иш козголуп, УКМК абагына киргизилген, учурда тергөө , иштери кызуу жүрүп жатат. Өкүнүчтүүсү, бул ишти саясатка айландыргысы келген күчтөр түрдүү оюндарды баштаганга аракет кылганы байкалууда. Мына ушу кырдаалды пайдаланууга дилгир адамдар четтен чыгууда. Башта айткандай бул кырдаалдан өзүнө «очко» топтогусу келген Токтайым Үмөталиева жергиликтүү басылмалардын биринен: «Эгер президенттик шайлоодо талапкерлер чет өлкөлүк компаниядан каржылык жардам алгандыгы аныкталса, жаңы жагдайлар пайда болгонуна байланыштуу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышы шарт» деп экс-президентке боор тарткан сөздөрдү божурады. Токтайым эжеке кандай кызыкчылыктын негизинде ооз көптүрүп, экинчи тараптын аягына төшөлүп жатат? Же, 2020-жылы КСДПнын тизмеси менен шайлоого барып каламбы деген тар түшүнүктүн алкагында «кызмат» көрсөткөнгө кириштиби? Жеке кызыкчылыкты мамлекеттин бүтүндүгүнөн бийик койгон айрым бир алабармандардын тизгинин тартуу керек эмеспи. Албетте, биз Токтайым апчеге саясат менен абайлап ойнобосо «тиши» сынарын эскертип, арыдан бери болсо деген эле тилекти айткыбыз келди. Арийне, башка тараптын акчасын адалдаш үчүн өз өлкөсүндө тополоң жарата бергиси келген айрым бир «томпошкалар» бул акылыбызга кулак салабы? Кеп ушунда…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: