Menu

Азиада-2018: Медалдык эсепте Казакстан онунчу келатат

Бөлүшүү:

Азия оюндарынын төртүнчү күнүндө Казакстан спортчулары жети медаль утту, бирок арасында алтын жок. 21-августта эки казак балбаны финалда Түштүк Корея спортчуларына утулуп калышты.

67 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан казакстандык балбан Алмат Кебиспаев финалга чейин грек-рим күрөшү боюнча Тайбэй, Индия жана Ирандан барган спортчулардын үстүнөн жеңишке жеткен. Финалда болсо 2013чү жана 2017-жылкы дүйнө чемпиону, 2014-жылы Инчхондо өткөн Азия оюндарынын жеңүүчүсү Рю Хан Суга (Түштүк Корея) утулуп калды.

Бул 30 жаштагы Алмат Кебиспаевдин Азия оюндарындагы экинчи медалы. Инчхондогу оюндарда ал коло медаль тагынган. Мындан тышкары 2011чи жана 2018-жылдары Азия чемпионатында алтын медаль уткан.

Алмат Кебиспаев Рю Хан Суга каршы финалдык беттеште. Жакарта, 21-август 2018-жыл.
Алмат Кебиспаев Рю Хан Суга каршы финалдык беттеште. Жакарта, 21-август 2018-жыл.

Грек-рим күрөшү боюнча 2017-жылкы дүйнө чемпионаты менен Азия чемпионатынын күмүш медалдарынын ээси Майрамбек Айнагулов (60 килограмм) Азия оюндарында коло байге тагынды. Жарым финалда ал 0:9 эсебинде кыргызстандык балбан Каныбек Жолчубековго утулуп калды. Коло медаль үчүн күрөштө ал түштүк кореялык Ри Се Унду 13:5 эсебинде жеңди.

Казакстандык балбан Майрамбек Айнагулов (көк формада) менен Ри Се Ун. Жакарта, 21-август 2018-жыл.
Казакстандык балбан Майрамбек Айнагулов (көк формада) менен Ри Се Ун. Жакарта, 21-август 2018-жыл.

21-августта 76 килограммдык салмак категориясында күрөшкөн балбан Эльмира Сыздыкова (Риодогу Олимп оюндарында коло медаль уткан) үчүнчү орун алды. Алгачкы беттешинде ал кытайлык Ужоу Цянга утулуп калган. Бирок кийин кытай спортчусу финалга чыккандыктан, анда коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүндүгү жаралган.

Мындан тышкары ал күнү таэквандо боюнча Казакстан курамасынын мүчөлөрү бир күмүш жана бир коло медаль утушту. 67 килограммдык категорияда күч сынашкан Жансел Деңиз кыз-келиндер арасында күмүш медаль тагынды. Финалга чейин ал филиппиндик спортчуну 8:7, вьетнамдык спортчуну 16:1 жана өзбекстандык спортчуну 16:1 эсебинде уткан. Финалда ал 2014-жылкы Азия оюндарынын жеңүүчүсү Дабин Лиге (Түштүк Корея) 21:27 эсебинде жеңилип калды.

Казакстандык таэквондочу Жансель Деңиз (солдо) жана түштүк кореялык Дабин Ли. Жакарта, 21-август 2018-жыл.
Казакстандык таэквондочу Жансель Деңиз (солдо) жана түштүк кореялык Дабин Ли. Жакарта, 21-август 2018-жыл.

Ошол эле күнү маунтинбайк (тоо велосипеддери менен жарышуу) боюнча казак спортчусу Кирилл Казанцев коло медаль тагынды. Бул спорттун аталган түрү боюнча эл аралык мелдештердеги Казакстандын эң мыкты көрсөткүчү болуп калды.

Мындан тышкары Казакстандын ветерпол боюнча кыз-келиндер курамасы күмүш медаль утту. Буга чейин Гонконг, Индонезия, Таиланд жана Жапония командаларын жеңген казакстандыктар финалда Кытай курамасына 4:11 эсебинде утулуп калды. Бул казак курамасынын аталган спорттун түрү боюнча Азия оюндарына үчүнчү жолу катышуусу. 2010-жылы Гуанчжоудо өткөн Азия оюндарынын финалында казак командасы Жапонияга утулуп, күмүш медалга ээ болгон. Инчхондогу 2014-жылкы оюндарда команда коло медаль алган.

Казакстандык ватерполист спортчусу Замира Мырзабекова Жапония менен болгон оюнда. Жакарта, 21-август 2018-жыл.
Казакстандык ватерполист спортчусу Замира Мырзабекова Жапония менен болгон оюнда. Жакарта, 21-август 2018-жыл.

21-августтагы мелдештерден кийин Казакстан бир алтын, беш күмүш жана жети колосу менен медалдык эсепте онунчу орунга жайгашты. Казакстанга жалгыз алтын медалды фехтования боюнча мелдештерге катышкан Дмитрий Алексанин алып келген.

Азырынча мелдалдык эсепте алдыңкы үчтүктө Кытай (30-18-12), Жапония (12-17-18) жана Түштүк Корея (8-12-14) өлкөлөрү келатышат. Азия оюндары 2-сентябрда аяктайт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: