Menu

Тажик мигранты 100 миң рубли менен таап алган капчыкты ээсине кайтарды

Бөлүшүү:

Якутск жашоочусу документтери жана 100 миң рубль акчасы салынган капчыгын кайтарып берген тажик мигрантына ыраазычылык билдирди. 33 жаштагы рогундук Ахмаджон Расулов 11-июлда Якутск мэриясынан алыс эмес жерден капчык таап алып, бир нече сааттын ичинде анын ээсин тапкан.

Капчыктын ээси “Профоценка” компаниясынын башчысы Вячеслав Владимиров “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде документтери, банк карталары жана ири өлчөмдө акча салынган портмонесин түшүрүп койгонун, табыларына ишенбегенин билдирди. “Тажикстандыктын мамилеси чынында эле таң калтырды. Анын ордунда башка киши болсо, акчаны алып, капчыкты ыргытып жибермек. Ахмад ак ниет жана жакшы киши”,- деди орусиялык ишкер.

Ахмаджон Расулов өзүн эрдик жасадым деп эсептебейт. Капчык таап алган соң ал тааныш полиция кызматкерине чалып, айдоочулук күбөлүк боюнча анын ээсин табууга жардам берүүнү сураган.

“Бир нече убакыттан кийин полициячы кайра байланышка чыгып, анын телефон номурун берди. Ошентип капчыктын кожоюнун таап алдым. Ал телефонду өчүрбөөнү, кай жер болсо келерин айтты. Мен аны тынчтандырып, баары өз ордунда экенин, капчыкты өзүм алып береримди билдирдим”, -деди Расулов.

Орусиялык жаран Ахмаджонго таап алган акчадан каалаган сумманы алууну сунуштаган, бирок ал баш тарткан. Бирок Вячеслав сүйүнчү иретинде тажик мигрантына 10 миң рубль берген. Ахмаджон Расулов беш жылдан бери Орусияда батирлерди ремонттоп иштейт. Мекенинде аны аялы жана үч баласы күтүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: