Menu

Октябрь РИИБи Дайырбек Орунбековду шаардан тышкары чыкпоо тууралуу чектѳѳ койду

Бөлүшүү:

Оппозициялык маанайдагы журналист Дайырбек Орунбековго бүгүн Октябрь РИИБи Бишкек шаарынан эч жакка кетпѳѳ тууралуу чектѳѳ койду. Бул тууралуу журналист ѳзү билдирди. “Аламүдүн райондук сот аткаруучулары мага карата соттун чечимин аткаруудан баш тартып жатат деп Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына чара кѳрүү боюнча сунуштама беришкен. Анын негизинде Октябрь райондук ИИБи ѳткѳн айда мени суракка чакырып суракка алган. Анда мен сот аткаруучунун берген сунушу негизсиз экенин, соттун чечимин аткарып жатканымды эч кандай баш таркан эместигимди билдиргем. Бүгүн, дагы суракка чакырып, тергѳѳ жүрүп жаткандыгын айтып, жакында кылмыш ачуу же ачпоо тууралуу чечим кабыл ала турганын билдиришип, суракка алышты. Мындан тышкары Бишкек шаарынан эч жакка кетпѳѳ тууралуу чектѳѳ коюшту”,-дейт Орунбеков.

Эскерте кетсек, Орунбеков 2014-жылы кандуу Ош кооагалыңа саясий баа берилбей, ага күнѳѳсү бар адамдар жазага тартылбай жатканын, коогалаңга убактылуу ѳкмѳттүн мүчѳлѳрү күнѳѳлүү экенин сынга алып макала жазган. Ал макалага териккен президент Атамбаев кадыр баркыма шек келдирди деп Орунбековдон 2 000 000 сом моралык чыгым талап кылып сотко берип, Аламүдүн райондук соту Орунбековго 2 000 000 сом доого жыккан. Мындан тышкары Орунбековдун үй мүлкү камакка алынсын деген чечимдин негизинде, Орунбековго таандык оппозициялык маанайдагы “Маалымат.KG» сайты сот аткаруучулар тарабынан камакка алынып, жабылган. Мындай бийликтин кысымын оппозиция жана коомчулук сѳз эркиндигине болуп жаткан кысым катары кабыл алышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: