Menu

КР Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө“, „Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — тигүү жана текстиль өнөр жайындагы киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу.

Мыйзамга ылайык ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: