Menu

Агрардык саясат комитетинин мүчөлөрү Кытай парламентинин тармактык комитетинин өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 13-ноябрда төрагасы Айтмамат Назаров баштаган Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанга келген Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин делегациясы менен жолугушту. Кытайдын тармактык комитетинин делегациясын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын аталган комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао жетектеп келди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров Кытай парламентинин аталган комитетинин делегациясын жылуу кабылдап, алардын сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туш келгендигин белгиледи. Ошону менен катар Кытай коммунисттик партиясынын 19-сьездинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Комитет төрагасы агрардык өлкө саналган Кыргызстанда 65% эл айыл жергесинде отурукташкандыгын айтып, экономика жана социалдык маселелер айыл чарбасы менен тыгыз байланышта экенин билдирди. “Андыктан, айыл чарбасы, жаңы технологиялар, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо жаатында кызматташууга кызыкдарбыз”,- дейт А.Назаров.

Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, эң ириде Кытай менен Кыргызстан жакшы кошуна жана стратегиялык өнөктөш экенин билдирди. Ал Кытайдын дүйнө жүзү боюнча эт, жумуртка, жер-жемиш, балык өндүрүүдө алдыңкы орунда турарын айтып, айыл чарбасында илим менен техника, жогорку деңгээлдеги технология пайдаланылаарына токтолду. Ошону менен катар Кытайдын айыл чарбасында жаңы доор башталганын, мурда санга көңүл бурса, эми сапатка маани берилип, экологияны сактоого өзгөчө басым жасалып жаткандыгын баса белгиледи. “Кытайдын “Бир алкак бир жол” концепциясынын негизинде эки элдин кызыкчылыгы үчүн айыл чарбасы жаатында кызматташууга даярбыз”,- дейт Го Гэнмао.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин тармактык комитетин төрагасы Айтмамат Назаров айыл чарба адистерин окутуу, айыл чарба техникалары менен камсыздоо, мал багуу, жер-жемиш өстүрүүдөгү алдыңкы технологиялар жаатында кызматташуу жана Кыргызстандын эт, сүт, бал, как, жана башка өнүмдөрүн экспорттоо боюнча маселелерди ортого салды. Ал эми Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао болсо агрардык держава эсептелген Кытайда рыноктук атаандаштык, айыл чарба өнүмдөрүнүн коопсуздугу башкы маселе экенин белгиледи. Комитет төрагасы Айтмамат Назаровдун пикиринде рыноктук экономикадагы атаандаштыкка Кыргызстандын айыл чарба өнүмдөрүнүн потенциалы бар. “Биздин продукциялар Кытайда дагы өз керектөөчүлөрүн табарына ишенем”,- дейт ал.

Мындан сырткары, иш-чаранын жүрүшүндө мындай жолугушуулар агрардык тармакта мындан аркы кызматташууга жакшы дем берери айтылды.

Белгилей кетсек, жолугушууга Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлары Алмазбек Акматов, Рада Туманбаева, КР Айыл чарбасы, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев катышты. Эки күндүк иш сапарында Кытай парламентинин тармактык комитетинин делегациясы Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушуп, бир катар айыл чарба ишканаларында болмокчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: