Орусиянын Челябинск-Троицк трассасында жол кыргысыгы болуп, 5 кыргызстандыктан ажырап олтурабыз. Бул тууралуу 23-январда 74.ru басылмасы билдирди.
Кырсык 22-январда кечки саат сегиздерде Карсы деген айылдын кайрылышында болгон. Аба-ырайы бузулуп, жол көрүнбөй турганда, кыргыз номурлары бар “Хондо Одиссей” автоунаасы Казакстандан келе жаткан КАМАЗ менен сүзүшүп калган.
Кырсыктын айынан “Хонданын” ичиндеги 5 эркек мүрт кеткен. КАМАЗДын 33 жаштагы айдоочусу эч нерсе болгон эмес. Азыр каза болгондордун өздүгү такталып жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ