Menu

Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү долбоору иштелип чыкты

Бөлүшүү:

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында Кыргызстанды 2018-2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору тааныштырылат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова менен жолугушуусунда акыркы жылдардагы жакшы жетишкендиктер Кыргызстандын алдына экономиканы өнүктүрүү боюнча амбициялуу милдеттерди коюп жаткандыгын белгиледи. Мамлекет башчынын пикиринде, буларга санариптик технологияларды киргизүү жана өздөштүрүү аркылуу жетишүүгө болот.

Атамбаев ошондой эле 2040-жылга карата Кыргызстан жашоо үчүн аймактагы «эң коопсуз жана жайлуу» өлкө болушу керектигин айтты. Өлкөнү стратегиялык өнүктүрүүнүн башкы максаты адам экенин белгилеген президент Кыргызстан кайталангыс маданияты бар өлкө болууга тийиш экенин кошумчалады.

Октябрдын соңунда Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан. Анда президенттик аппараттан мамлекет башчы өргүү учурунда 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштей турганын кабарлаган.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган “Таза коом” улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: