Menu

Айыл өкмөт башчысын алдап кеткен курулуш компаниянын өкүлү камакка алынды

Бөлүшүү:

“Некст Строй” ЖЧКсынын өкүлү Тынчтык Шерматов Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-февраль күнү билдирди.

Такталгандай, Тынчтык Шерматов 2018-жылы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы менен Жалал-Абад облусундагы аталган райондо жайгашкан “Жеңиш” паркын кайра оңдоо тууралуу сүйлөшүп, келишим түзөт. Оңдоо иштери 26 миллион сомго бааланат. Бирок ЖЧКнын өкүлү аталган акчанын бир бөлүгүн (7 миллион 900 000 сом) алгандан кийин, берген убадасын аткарбай, качып кетет.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-б. (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Тынчтык Шерматовдун жүргөн жерин аныктоо мүмкүн эмес болгон. Буга байланыштуу аны камакка алуу чечими  сырттан чыгып, ага издөө жарыяланган.

15-февралда кылмышка шектүү “Некст Строй” ЖЧКсынын өкүлү Тынчтык Шерматов кармалган. Эки күндөн кийин, 17-февралда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: