Президент Алмазбек Атамбаев АКШ Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Томас Шэннон менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-америка байланыштарынын актуалдуу маселелери жана ар кыл тармактарда кызматташуунун келечеги талкууланды.
Жолугушууга АКШ Мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэн Розенблюм жана элчи Шейла Гуолтни да катышты.
Маалымдалгандай, Шэннон президенттен тышкары башка чиновниктер жана депутаттар, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү менен баарлашат. Андан соң ал 1916-жылдагы окуяда курман болгондордун элесине арналып тургузулган мемориалга гүл коет.
АКШ Мамдепартаменти кабарлагандай, америкалык чиновниктин сапары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналууда. Анын алкагында Борбор Азия аймагындагы беш өлкөнү жана АКШны камтыган «С5+1» линиясы боюнча кызматташуу маселелери талкууланат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ