Menu

Анвар v/s Аида. Шыпыр ким?

Бөлүшүү:

Кечээ парламентте башкы мыйзамдын түп нускасынын бар-жогу талашка түшүп турган маалда депутат  Анвар Артыков “Аны акыркы жолу ошол кездеги Юстиция министри Аида Салянова көргөн, демек кимден алды, кимге берди билет. Анын ушул жерде стеннограммада сүйлөгөн сөздөрүн мен даана уккам”, – деп аппарат кызматкерлеринен аталган билдирүүлөрдү алып чыгуусун суранган.

Ага ачуусу мурдунда турган Аида Салянова жооп кылып: “Артыков калп айтат, андай болгон эмес, тапкыла анан айткыла” – деп каяша берген. Эртеси ал, Артыковду күтпөй эле стеннограмманы көтөрүп чыкканын, анда өзү бир да жолу башкы мыйзамдын түп нускасы, анын көчүрмөсү тууралуу кеп кылбаганын айтып, “Алтымыштан ашып калганда эки сөзүнүн бири калп, ушундай аксакалдарды көрүп, чын эле биз кайда баратабыз дегиң келет” – деди. Артыков жообун бере элек. Иши кылып экөөнүн бирөө чындап калпычы көрүнөт…

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: