Menu

Министр Эрлан Абдылдаев тышкы саясатка “жарака” кетиргени үчүн кызматынан алынабы?

Бөлүшүү:

Жайкы өргүүдөн соң ишке киришкен эл өкүлдөрү парламенттин алгачкы жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бир катар түйүндүү суроолор түрмөгүн жолдошуп, жыйынтыгында, ынандырарлык деңгээлдеги ырыстуу жоопторду деле ала алышкан жок.

Жакында болуп өткөн ДКОнун ачылышынан соң мекенине кайтмакчы болгон Түркиянын президенти Эрдоган учак ичинен Кырчын жайлоосунда калган жубайын бир жарым саат күтүп калгандыгы (жол тыгындарынан улам) өлкөбүздүн ичинде эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө «дүңк» дей түштү. Мындай ыраатсыздыктан сон түрк ажосу өз өлкөсүнө кайтаар замат өзүн кароолго алышкан мамлекеттик күзөт кызматынан ондогон кызматкерлерди иштен алганы узун элдин учуна дейре сөз болууда. Азырынча мындай одоно алешемдикке биздикилер ИИМ жетекчилигин ур-тепкиге алышып, байма-бай сындарды жаадырышууда. Жогорку мартабалуу коноктордун коопсуздугун, жолдо ката аларды коштоп жүрүүдөгү милиция кызматкерлеринин күнөөсүн четке кагууга болбойт. Мындай оркойгон катачылык үчүн тармак жетекчиси сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы керек.

Кызыгы, бул жагынан тышкы иштер министрлигинин шалаакы жүрүшүнө азырынча эч ким үн катпай жатышы таңкалтырууда. Айрым дипломаттардын бизге билдиргенине караганда, түрк президентинин келген-кеткен убакыт-сааты программага киргизилип, протоколго ылайык ташка тамга баскандай жазылат эмеспи. Бирок, бул жагынан ТИМ тармагы эмнеге катачылыкка жол берди? ИИМге удаа ТИМ жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо да кечиктирилбестен көтөрүлүшү кажет. Министр Эрлан Абдылдаев тышкы саясатка «жарака» кетиргени үчүн кызматынан алынабы? Же адатыбызча эле «бармак басты, көз кысты» жоругубуз менен калабызбы?

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: