Бүгүн, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун (БКТ) 40-сессиясы өз ишин баштады. Сессияга Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын дипломатиялык жана аскер эксперттери катышууда.
Ушул жылы Биргелешкен көзөмөлдөө тобу өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилейт.
БКТга мүчө-мамлекеттердин делегациялары «Москва» жана «Шанхай» макулдашууларынын талаптарын аткаруу маселелерин, ошондой эле уюмдун географиялык чегинде биринчи жарым жылдыктагы инспекциялык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын карап чыгышты.
Сессия өз ишин улантууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ