Menu

Фото – Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар тобу Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүнө зыярат кылды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасына жасаган расмий сапары учурунда Изник шаарындагы Кыргыздар күмбөзүн зыярат кылып, куран окутушту. Түркиянын тарыхый мурастарынын бирине кирген бул күмбөздө 1331-жылдары түрк боордошторго Изникти каратып алууга жардамдашкан кыргыз жоокерлеринин сөөгү коюлган.

Кыргызстандан барган делегацияны шаардын мэри Каган Мехмет Уста жана аймактык жетекчилер тосуп алды. “Изник шаарындагы Кыргыз күмбөзү Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жүздөгөн жылдарга созулган бекем достугунун символу болуп калды. Биздин ата-бабаларыбыз бири-бирине эч качан жардамын аяган эмес. Мындан кийин дагы эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилебиз улана берет” – деди Төрага Д.Жумабеков.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын Түркия республикасына расмий сапары 15-июлдан 18-июлга чейин уланмакчы. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: