Menu

Дастан Сарыгулов, экс-Мамлекеттик катчы: «Бийлик узурпациялангандын кесепетинен эл казынасына 5–7 млрд доллар каражат түшпөй калган»

Бөлүшүү:

— Дастан агай, үчүнчү маекте өткөн президенттин учурундагы бийликтин абалы тууралуу сөз кылалы. Мамлекеттик бийлик 2011-жылдан 2017-жылга чейин узурпацияланганбы же узурпациянын белгилери эле болгонбу?

— Узурпация болгон. Болгондо да эң бийик, эң коркунучтуу чегине жеткен. Эл байлыгын ачык эле уурдап, тоноо, күнөөсү жок, чындыкты бетке айткан патриотторду жалган жалаа менен камап, 10–20 жылга мыйзамсыз чыгарылган соттордун чечимдери менен түрмөгө кесүү, журналисттерге негизсиз 20–30 млн сом айып коюу катардагы, күнүмкү көрүнүшкө айланып калган. Узурпация чектен ашып, “Таластын эли эл эмес, Абыке, Көбөштүн тукуму, Казакстанга кошулуп кеткиле” деген наадандыкка жеткен.

— Кыргызстан — ​демократиялык, укуктук мамлекет деген Конституциябыз, 120 депутаттан турган Жогорку Кеңешибиз, Акыйкатчы, толгон-токой байкоочу кеңештер жана башка институттар бар. Анан кантип бир эле киши, мейли ал президент болсун, бүтүн өлкөнү менчик фирмасына айлантып алган?

— Президент эгерим, эч качан элге жооп бербейт, анын кол тийбестиги бар. Аны эч ким жоопко эч качан тарта албайт деп 27 жыл бою Конституцияларда каралган үчүн президенттер өлкө экономикасын талкалап, элди жумушсуз калтырып, туш тарапка чилдей таратып, серепчилер жазып чыккандай Акаев 5 млрд доллар, Бакиев 7 млрд доллар, Үсөнов, Балкибеков, Ногоев жана башкалар 3 млрд доллар Кыргызстандан алып чыгып кетишпедиби…

— Атамбаев кантип бийликтин баарын колуна топтоп, басып алды?

— Бул бир эле айда, бир эле жылда болгон жок. Акырын, жылып олтуруп, 2–3 жыл убакытта бийлик бир кишинин колуна өттү. Биринчи кадам- элдин өкүлү, элдин бийлиги болуп таанылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын моюнуна укурук, бутуна тушоо салынып, тилдерин кыскартып салышкан.

— Аны кантип ишке ашырды?

— Конституциянын 2-беренеси, 4-тарамында “Депутат жашыруун, тикелей (түз) шайланат” деп жазылып турат. Демек, шайлоо бюллетенинде талапкерлердин аты-жөнү жазылыш керек эле. Бул талапты одоно бузуп, Шайлоо кедексине “Бюллетенге партиянын аты жазылат” деген өзгөртүү киргизилген. Партия мүчөлөрүнүн тизмесин шайлоо участкаларга илип гана коюшкан.

— Бирок, эл аралык шайлоо эрежелери тизмеге добуш берүүгө тыюу салат эмеспи. Анткени, шайлоочу тизмедеги 50–70 адамдын баарын тааныбайт, тааныса да баарын колдобойт, бул тандоо эмес деп таанылат турбайбы?

— Абдан туура. Эл аралык шайлоо эрежеси ошондой. Россияда былтыр Госдумага өткөн шайлоодо бюллетенде талапкерлердин аты-жөнү жазылган. Партиялардын атынан 40 пайыз талапкерлер партиянын мүчөсү эместер көрсөтүлгөн. Эл партияга добуш бергенде. Депутат мандатты шайлоочулардын тикелей, түз тандоосунун негизинде албай, партия лидери түзгөн тизменин негизинде алат жана ага толук көз каранды болуп калат.

— Сиз ким депутат болорун, кимге мандат берилерин партиянын лидери чечип калат, шайлоочу чечпейт дегенди айтып жатасыз да?

— Туура, партиянын башында турган киши чечет. Бул тикелей, түз шайлоо эмес жана Конституциянын 2-беренесин одоно бузуу. Бирөө жарым сотко “Бешинчи, алтынчы Жогорку Кеңештин чакырылышынын депутаттары түз шайланган эмес” деп кайрылса, чындык жана мыйзам кайрылган тарапта болот.

— Депутат болчу адам мандатты партия жетекчинин чечими менен алган соң, партбосстун сөзүн сүйлөгөнгө аргасыз болуп, элге көз каранды болбой калып жатабы?

— Ушул жерден баштап элдин бийлиги бүтүп, мындан нары 5–6 партиянын жетекчилеринин бийлиги ишке ашып жатпайбы. Өлкө тагдырын 5–6 саясатчы каалагандай калчап келатпайбы…

— Бизде партияга жетекчи болгондор олигарх, чоң байлар экенин эл жакшы билет. Партияны түзүп, аны шайлоого катыштыруу үчүн ири каражат талап кылат. Элде мындай акча жок болуп жатпайбы?

— Ырас, ошондой.

— Президент жеке өзү башкы прокурорду, УКМК, милиция, финполиция жетекчилерин, сотторду дайындайт. Демек, кайсы партия болбосун, жетекчисин коркутуп, камап, сындырып алат да. Ушуга макулсузбу?

— Турмуш муну толук ырастап бербедиби. Келдибеков, Ташиев, Исаев, Текебаев камалып, Бабанов качып кутулбадыбы…

— Ушул бийликти узурпация кылуунун биринчи кадамыбы?

— Эл ошол үчүн чөнтөк парламент, базар парламент, добуш берген машина, түкүрүк парламент жана башка жаман сөздөрдү парламенттин дарегине айтып жатпайбы.

— Ошол үчүн “Буйрук түштү” деп 5 кодексти окубай туруп, бир күндө 3 окуудан бекитип беришкен да. ЖЭБ модернизациясын ураалап бир күндө 3 окуудан колдоп бергенин элибиз көргөн. Бир сөз менен айтканда, президент эмне десе ошол кынтыксыз аткарылып турганын эч ким тана албайт да…

— Элдин талабын талашып, өз пикирин айткан 1–2 депутат ур-токмокко алынганы жалганбы?

— Бийликти узурпациялоонун экинчи кадамы кандай болгон?

— Конституциянын төртүнчү беренесинин төртүнчү тарамында “Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана партиялык институттардын кошулушуна тыюу салынат” деп турат. Конституцияда айтылбаган, жазылбаган болсо да министрлер, комитеттер, губернатор, ири ишкана жетекчилик кызматтар “квота”, “үлүш” делип, партиялардын менчигине бөлүнүп берилди. Демек, аткаруу бийликке жетекчи болуп партия башчылары айткан кишилер гана дайындала баштады, бүгүн да дайындалып жатат. Президент жактырбаган киши дайындалбайт, добуш бергенде өтпөйт. Дайындалган министр, губернатор жакшы билет, кимдин макулдугу менен дайындалганын жана кимдин буйругун аткарыш керек экенин.

— Андан кийинки үчүнчү кадамчы?

— Сотторду тандоо комиссия кимди тандабасын, сотторду президент бекитет. Президент иштен алат.

— Демек, соттор да толук президентке көзкаранды болуп жатабы?

— Мыйзам менен адилет, таза иштеген соттор бийликке жакпай, алыскы (Баткен, Нарын) областтарга которулганын гезиттер бир нече жолу жазбадыбы…

— Бийлик “Соттордун ишине эч ким кийлигише албайт” деп такай айтып келбедиби?

— Бийлик элди алдап келди. Соттун чечимине эч ким кийлигише албайт. Бирок соттук териштирүүдө Кылмыш процессуалдык кодекстин талаптары бузулса бийлик кийлигишүүгө милдеттүү. Соттук реформаны көзөмөлдөгөн президенттин аппаратында 2–3 кызматчы бар. Алардын айткан, дегенин соттор эки айттырбай аткарганын гезиттер жазып чарчады го.

— Бийликти узурпациялоонун төртүнчү кадамы кандай болгон?

— Партиянын жетекчиси президент болуп шайлангандан кийин бийликти өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланбай, жалпы эл үчүн иштеп, калыс болсун деп Конституциянын 63-беренесинин 3-тарамында “Президент саясый партияга мүчөлүгүн токтотот жана партиянын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракет кылбайт” деп жазылган.

— ММК Атамбаев СДПК партиясынын политсовет жыйындарын өзү жетекчилик кылып, өткөрүп жүргөнүн далай жолу чагылдырганын эл көрүп, угуп эле келбедиби. Анда мунун баары Конституциянын 63-беренесин одоно бузуу болгон экен да?

— 6 жылда президент 7 жолу премьер-министр кызматына талапкерди көрсөтүүнү Жогорку Кеңештеги СДПК партиясынын фракциясына тапшырып келди. Демек, өзү-өзүнө бул укукту берип олтурду, өзү чечип келди, ким премьер-министр болорун. Бир сөз менен айтканда, Өкмөттү-аткаруу бийликти да өз колуна алып алды. Бул бийликти президент узурпация кылгандын төртүнчү белгиси болду.

— Жогорку Кеңеш президенттин айтканын кынтыксыз аткарып турса, Өкмөттү президент өзү каалагандай түзсө, анда 6 жылда Өкмөттү эмне үчүн 7 жолу алмаштырды? Өкмөт туруктуу болбосо, кантип элдин мүдөө-талабын аткармак эле? 6 жылда 7 жолу күйөөгө тийген аялдын турмушу жакшы болмок беле?

— Тажрыйбалуу, өз пикири бар, таза иштейм дегендерден Өкмөттү тазалап туруш керек эле. Экинчиден, шопуруна, жансакчыларына жакпай калгандарды кетирип туруш керек эле. Үчүнчүдөн, туруктуу Өкмөттүн өз планы, пикири, иш багыты түзүлүп калса, аны президент каалагандай калчап, өз буйруктарын аткарта албай калат эле. Бийликти узурпациялап алгандын бул бешинчи кадамы, бешинчи белгиси болгон.

 Узурпациянын алтынчы белгиси кандай?

— Улуттук коопсуздук органдар жөнүндө мыйзамга каршы келсе да, УКМКнын курамында АКС (коррупцияга каршы кызматты) түзүү алтынчы белги болду. Иш жүзүндө бул кызмат президенттин эң күчтүү союлуна айланды. Бул союл мыйзамсыз, жалаа жаап, фабрикация, фальсификация ыкмалары менен президентти сындагандарды, өз пикирин коркпой ачык айткандарды, кимди жаман көрүп, кимде кеги бар болсо баарын камап, саясый талааны тазалап турган милдетти аткарып турду. Бул союлду ого бетер күчтүү кылыш үчүн Башкы прокуратурадан тергөөнү алып, УКМКга берип койду. Бул бийликти узурпация кылгандын жетинчи кадамы, жетинчи белгиси болду.

— Көп элдерде 7 саны касиеттүү болот экен, ушул 7 белги менен бийликти узурпациялоо иши аягына чыккандыр?

— Жок, чыккан жок. Улуттук коопсуздук органдар жөнүндө мыйзамдын 12-беренесинде “УКМК төрагасынын орун басар кызматтарына Улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес иштегендер гана дайындалат” деп көрсөтүлгөн. Бул мыйзамды одоно бузуп, президент төрага, орун басар кызматтарына журналист, зоотехник Сегизбаевди жана 20 жыл окуп физкультура мугалими деген дипломду араң алган жаксакчысы Сүйүмбаевди, жансакчысы Мусакеевди дайындаган. Прокуратура тармагында бир күн дагы иштебеген Жолдубаеваны башкы прокурор кызматына койду.

— Бийликти узурпациялап, басып алгандын 9 белгиси даана, күмөнсүз көрүнүп турса да, эмне үчүн айрым серепчилер узурпация болгон эмес деп жатышат?

— 2016–2017-жылдары журналисттерге соттордун чечими менен Атамбаев 15–20 млн сом айып койбодубу. Ошондон бери айрым серепчилердин жүрөгү түшүп калган, аларды “ап-ап” деп эмдесе да жүрөгү ордуна келбей жатат окшойт…

— Ушунча бийликти узурпациялап алуунун максаты эмне эле? Мынча бийликти бир адам көтөрө алабы? Колуна мынча бийликти кантип батырат?

— Колуна батпай төгүлгөн бийликти шопуру, секретарь, жансакчы, партиялаштары эл үчүн эмес, өздөрү, жолдош-жоролору, туугандары үчүн пайдаланып келди. Бирок, бийликтин баарын басып алуунун башкы максаты — ​Кыргыз мамлекетин жеке бизнес фирмасына айлантып, эл ырыскысын, өлкө байлыгын уурдап тоноо, чогулткан арам байлыгын сактап калуу жана чындыкты айтып, баш көтөргөн журналист, саясатчыларды айып пулга жыгып, 10–15 жылга түрмөгө кесүү болду.

— ЖЭБ модернизациясы, Тарых музейин реконструкциялоо, Чолпон-Ата ипподромун курууда, Бажы, электр тармагы баарында миллиондоп (доллар) каражат уурдалганы элге белгилүү боло баштады. Түндүк-түштүк альтернатива жолуна бир тонна цемент 60 миң сомго алынса, жолдун кыска бөлүгү үчүн транспорт министр орун басары жарым млн доллар пара алып кармалса, уурдалган акчалар дагы чубалып чыга береби же ушул менен токтойбу?

— Датка-Кемин электр байланышы, Бажы тармагы жана башкалар кылдат текшерилсе элдин ырыскысы, өлкө байлыгы тонолгон фактылар чыкпай койбойт го… Бирок, серепчилер байма-бай иликтеп, интернет, гезиттерге жазып жатышпайбы, 2011–2017-жылдары мамлекетке 5–7 млрд доллар зыян келтирилген деп.

— Биз да андай маалыматтарды окуп жатабыз, бирок канчасы чын, канчасы кара пиар экенин айтуу кыйын болуп жатпайбы?

— Канчасы чын, канчасы жалган — ​бүгүн эч ким бышык айта албайт. Ал үчүн атайын таза иштеген адистерден мамлекеттик комиссия түзүп, изилдесе чындыкка жетсе болот. Бирок, далай булактарга кайрылсак, 2011–2017-жылдарда коррупция мамлекетке 7–8 млрд доллар зыян келтириптир. Бир эле мисалдан байкаса болот. 2017-жылы Евразия экономика боюнча комиссия Кыргызстандын бажы тармагын иликтеп, бир топ маалыматты ачыкка чыгарды. Кытай мамлекетинин бажы кызматы 2015-жылы Кытайдын чек арасынан Кыргызстанга 4,3 млрд долларлык товар өттү десе, Кыргызстан бажы кызматы Кытайдан 1 млрд доллар товар кирди деп отчёт бериптир. Айырмасы каттоодон өтпөгөн 3,3 млрд доллар. 2016-жылы бул айырма 4,1 млрд долларды түзүптүр. Эки эле жылдын ичинде каттоодон өтпөгөн, бирок Кыргызстанга Кытайдан кирген товардын баасы 7,4 млрд доллар болгон экен. Орто бажы тариф 7% менен эсептегенде бул товардан өлкө бюджетине 550 млн доллар бажы салыгы түшпөй калган (же 38 млрд сом). Буга төлөнбөй калган НДС (кошумча нарк салыгын) кошкондо (12%) дагы 880 млн доллар (же 77 млрд сом) менен бирге эл казынасына 1 млрд 430 млн доллар же 115 млрд сом жоготуптур. Бул мамлекеттин бир жылдык бюджетине бир аз эле жетпейт. Ал эми 2011, 2012, 2013, 2014, 2017-жылдарды кошсо, бери дегенде эле эл казынасына 3 млрд доллар же 200 млрд сом түшпөй калган экен. Же 2011–2017-жылдары эл казынасы бажыдагы коррупция кесепетинен 4,43 млрд доллар же 315 млрд сом зыян тартыптыр.

— Далай айыл-кыштактагы мектептердин абалы начар. Аларды оңдоого же жаңы мектеп курууга жылдап 50–100 млн сом табылбай келатат. Ошол эле учурда бажы кызматындагы уурулук 1 млрд, 10 млрд же 100 млрд эмес, 315 млрд сом болуп жатса, Кыргызстан эч качан, эгерим оңолбойт турбайбы?

— 7,4 млрд доллар каттоодон өтпөй Кыргызстанга кирген товардын далайы каттоодон өтпөй сыртка чыгып жатканы (реэкспорт болуп) жана эл казынасына дагы 350–400 млн доллар (же 20–25 млрд сом) түшпөй калганын ошол эле Евразия экономика комиссиясы аныктап чыкпадыбы. Бул эки эле жылда. Калган 4 жылды кошсок, бул 100 млрд сом (же 850 млн доллар) эл казынасы жоголгонун далилдеп турат.

— Демек, бажы тармагындагы эле коррупция 2011–2017-жылдары эл казынасына 5 млрд 250 млн доллар зыян келтирип жатабы?

— Бул Евразия экономика комиссия берген маалымат. Терең иликтенсе, эл казнасы жоготкон каражат мүмкүн 6–7 млрд доллар болуп чыгаар. Бул эсепке бензин, солярка аткезчилиги кирген жок. Ал дагы 100–170 млн доллар эл казнасынан уурдалган акча…

— Анда бийликти басып алып, узурпация кылуунун максаты 5–7 млрд доллар каражатты көзөмөлдөп, өз үлүшүн алып туруу экен да?

— 5–7 млрд доллар бул бажы тармагындагы эле көмүскө жүгүргөн акча. Буга Кытайдан өтө жагымсыз шарт менен алынган 2 млрд доллар кредит кошулганда 7–9 млрд доллар жеке бир адамдын көзөмөлүндө болгонун көрсөтөт…

— Зилалиевдин мыйзамсыз байыганын, банк ячейкасына 840 миң доллар катканын бүт кыргыз эли көрдү. Тоо-кен тармагын да коррупция катуу чырмап, президент Коопсуздук кеңешинде “Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир” деп бекер айтпаса керек?

— “Жерүй” кени бир дагы жолу Жогорку Кеңеште, Өкмөттө каралбай, жең ичинен, келишим түзүлбөй 100 млн долларга сатылды. Ал кенде 3,5 млрд долларлык алтын бар. 6 жыл өттү, алтын өндүрүлбөйт. “Кумтөр” келишимге кол койгондон 2 жыл 6 ай өткөндөн кийин алтын чыгара баштаган. Ошого карабай 1994-жылдагы келишимге асылып, жаман дегендер дагы эле кыйкырып жүрөт. Тоо-кен тармагындагы коррупция эл казнасын дагы 1,5–2 млрд доллар акчага кемитти деген маалыматтар интернетке чыгып жатты. Мисалы, Эсеп палатасы 2014-жылы ОсОО “Фонта” 3 жыл ичинде 6700 кг алтын чыгарганын жашырганын аныктаган (бул 14 млрд сом). 2016-жылы кылмыш иши козголуп, бирок кийин жабылган. Кимдин буйругу, кимдин колу менен жабылган? Бул чоң суроо…

— 2012–2013-жылдары Токтогул суу сактагычта суу азайып, энергетика кризиси болуп, гезиттер далай ызы-чуу макалаларды чыгарганы элдин эсинен чыга элек…

— 2011–2012-жылдары Токтогул суу сактагычтан регламенттен ашык жай айларында 2,2 млрд метр куб суу кеткен. Суу сатылып жатат деп далай жолу гезиттер жазып чыккан. Ушул 2 жылда сыртка 4,3 млрд кВт. электр энергия сатылган, ага 5 млрд метр куб суу корогон. Натыйжада, 2014-жылы элге свет берилбей, байма-бай электр энергия өчүрүлгөн. Эл кыйналган. Жыйынтыктап айтканда, 2011–2017-жылдары коррупциялык жол менен Кыргызстанга 9–10 млрд доллар зыян келтирилгени айтылып да, жазылып да келатат. Албетте, бул зыяндын так көлөмүн атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия иликтеп чыгып, аныктай алат.

— Кыргыз элине, мамлекетине ушунча кыянаттык ишти бийлик өзү жасаса, аны көрүп, билгендер эмне үчүн коңгуроо каккан жок?

— Айрымдар корккон. Айрымдар кайдыгер караган. Бирок, коңгуроо кагып, ачык айтып, элге кайрылган патриоттор да болгон. Эл ишенген Өкмөттү түзүү керек, бийлик элге отчёт берсин деген сөздөр айтылып да, жазылып да, бийлик туура эмес жол менен баратат деген сын пикирлер да угулуп жатты…

— Андай пикирлерди бийлик уктубу, кулак салдыбы?

— Бийликти толук басып алып, Кыргызстанды менчик фирмасына айлантып алган киши укмак беле? Чындыкты бетке айткан, өлкө абалына күйгөн мекенчил адамдарды бирин калтырбай камабадыбы…

— Конституция, мыйзам, жарандык коом, эл бар дегендей, эл эмне дейт деп бийлик ойлонгон жокпу?

— “Нарындыктар малсыңар, көлдүктөр катынсыңар, Талас эли эл эмес” деп элди мазактап, басынткан киши “Эл эмне дейт?” деп ойломок беле? Конституцияны ачык эле тебелеп, далай жолу бузганы элди тебелегенге барабар да!

— Дача-СУга кулаган учактагы жүктүн ээси дагы эле белгисиз го?

— Жүктүн ээсин аныктоо оңой эле. Гонконгдо документтер бар жүккө тийешелүү. Жүктү камсыздоо (страховка) кылган келишимдер бар. Учактын ээсине акча төлөнгөн, ким төлөгөнү да белгилүү. Мунун баарын иликтеп, жүктүн ээсин ачыктап, элге документтерди көрсөтүп, жүк баланча-түкүнчөгө таандык экенин ачык айтып коюу президент үчүн эки жумалык иш эле. Эки жыл өттү, жүктүн ээси белгисиз. Демек, жүктүн ээси ким экени түшүнүктүү да…

— Саясый туткундар эмне үчүн пайда болгондун сыры эми ачылгансыйт. 9–10 млрд доллар көмүскө жүгүргөн акчаны көзөмөлдөгөндөр үчүн коррупцияны ачык айткан адамдар өтө коркунучтуу болгон экен да?

— Албетте. Ежов, Берия доорунан калган УКМКнын зор тажрыйба, ыплас, наадандык ыкмаларын пайдаланып, КТР аркылуу күнөөсү жок таза адамдарды элге кылмышкер, шпион, чыккынчы кылып жумалап көрсөтүп, эл ишенип калганда мыйзамсыз камап, 10–15–20 жылга абакка кескен машине иштеп калган. Булар түрмөдө 10 жыл олтуруп чыкканча далай млрд сом байлык топтоп алабыз деп ойлошкон.

— Саясый туткундардын иш аракеттеринде кылмыштын белгилери жок экени бүгүн ачыкталып олтурбайбы?

— Негизинен саясый буйрукту тергөөчүлөр, соттор, прокурорлор так аткарган. Кийиз казыкты жерге кагып киргизишкен. Буйрукту мен аткарбасам, бөлөк тергөөчү, сот, прокурор аткарат да деп өздөрүн сооротуп актаган.

— Алар Кудайдан коркпойбу? Арасында намаз окугандары бардыр?

— Базар экономика пара экономикага айланган заманда абийир, намыс, ыйман күндө сатылып калган доордо акча, кызмат дегенде атасын да атып салганга даяр эки буттуу айбандар табылат турбайбы… Ырас, намаз окугандар да арасында жок эмес. Бирок, окуган намазын Алла кабыл албайт да.

— 1–2 факт менен мыйзамсыз иштерин далилдеп бере аласызбы?

— Акча, куралы жок эки адам бийликти кантип басып алат? Бирок, Асанов, Кадыровду сот күнөөлүү деп 12 жылга эркинен ажыратпадыбы! Алар кылбаган кылмышты сен жашырып койдуң деп мени 4 жыл шарттуу эркимен ажыратты.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: