Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.
– Урматтуу мекендештер!
Жалпыңыздарды келе жаткан 2020 – жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Жаңы жыл жаңылануунун, өнүгүүнүн, ийгиликтин, бакубаттуулуктун жана тынчтыктын жылы болсун!
Ар бирибиз жаңы жылды жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен күтөбүз. 2020 – жаңы жыл ар бир үй-бүлөгө тынчтык, элибизге береке алып келип, өлкөбүз үчүн үзүрлүү жыл болсун.
2019-жылы ар тармактан багындырган ийгиликтерибиз мындан ары да уланып, жаңы баскычтарга чыгып, сүйүктүү мекенибиздин эл аралык деңгээлдеги аброюнун өсүүсүнө себепчи болсун!
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ