Ош шаарындагы ашпозчулар чырлашып, бири бычакталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда жергиликтүү кабарчылар жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, окуя кечээ, 29-декабрда Ош шаарында болгон. Ашпозчулар арасында чыр чыгып, 35 жаштагы А.А. аттуу ашпозчу бычакталып, ооруканага жеткирилген. Врачтардын айтымында, анын боору жабыркаган, азыр абалы туруктуу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ