Чек ара кызматкерлери тарабынан сабалган эки жигит учурда Фергана облустук ооруканасында дарыланууда.
Алардын бири Умиджон Саиджоновдун айтымында, чек арачылар анын унаасын текшерип, андан соң эч себепсиз түрдө сабашкан: – Алар мени союл менен башка чабышты, андан ары эмне болгонун билбейм.
Экинчи жабырлануучу Абдурасул Фозилов дагы катуу токмок жегенин, денеси көгала болгонун билдирди.
Умиджон Саиджонов чек ара кызматкерлери шектүү көрүнгөн кишилерди кармап, дайыма катаал мамиле жасашарын белгилейт. Буга байланыштуу ал токмок жеп жатканда телефонун өчүрбөй, видеого тартып, социалдык түйүндөргө таратканын кошумчалады.
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, чек арачылар 12-ноябрда Саиджонов Умиджон менен Фозилов Абдурасул бараткан автоунааны токтотушкан. Алар баш ийбей, из жашыруу үчүн унааны чоң ылдамдыкта айдап кетип калышкан. Бир нече убакыттан кийин кайтып келип, чыр чыгарышкан. Мыйзам бузган жигиттер кармалгандан кийин алардын жанында документтери, айдоочулук күбөлүктөрү жок экени аныкталган.
Атайын кызматтын билдирүүсүндө Умиджон Саиджонов мурда аткезчилик айыбы менен кармалганы жана айып пулга жыгылганы да белгиленген.
Бул арада чек арачылар тарабынан сабалган жигиттер райондук прокуратурага арыз менен кайрылышты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ