Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда сабаган балага шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, окуя ушул жылдын 24-февралында Кочкор-Ата шаарында болгон. Анда 40 жаштагы А.Я. аттуу адам сабалганы тууралуу милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында азият улутундагы белгисиз үч адам үйүнөн сыртка чакырып чыгып, аны сабап кетишкенин жазып, аларды таап, мыйзам чегинде жоопко тартууну суранган.
Ал факт «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине» катталып, шектүү делген жарандардын экөө шектүү катары мартта кармалып, өздүгү аныкталган. Алардын иши сотко өтүп, үчүнчүсүнө издөө жарыяланган. Ошол үчүнчү К.Э. эми колго түшүп олтурат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ