Menu

БШК референдумдун расмий жыйынтыгын жарыялады

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-декабрдын кечинде өткөн БШКнын отурумунда 11-декабрдагы КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун расмий жыйынтыктары жарыяланды.

Ага ылайык 900 миңден ашык шайлоочу Конституциянын өзгөрүүсүнө “макул” деп добуш беришкен.

Ал эми 185 миң 140 киши “каршы” деген добуш салышкан.

Добуш берүүгө укугу бар тизмедеги 2 миллиондон ашык шайлоочунун 1 млн 190 миң 855 кишиси референдумга келип катышып, өз добуштарын беришкен.

Бул референдумга катышкандардын 75% макул болгондугун билдирет.
Ошондуктан БШК референдумдун жыйынтыктарын тааныды.

Бирок, БШКнын айрым мүчөлөрү Референдум көп сандаган мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн жана расмий жыйынтыкта көптөгөн төп келишпестиктер, талаш цифралар бар экенин айтып расмий жыйынтыкка каршы добуш беришти.

Автоматтык эсептөөчү урналардын жыйынтыгы менен кол аркылуу эсептөө протоколдорунун жыйынтыктарында көптөгөн айрымачылыктар бар экендиги бул референдумдун жыйынтыктарынан шек туудурууда.

Жарандык коомдун өкүлдөрү 11-декабрда өткөн Референдум көп сандаган мыйзам бузуулар менен өткөндүгү үчүн жана протоколдордун көптөгөн төп келишпестиктери, айрымачылыктарына байланыштуу Референдумдун жыйынтыктарын тааныбоого  чакырууда.

БШК Референдумдун жыйынтыктарын 10 күн күттүрүп жарыялаганы да көптөгөн шектерди жаратты.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: