Menu

Шахрезада Аскарова, КРнын эмгек сиңирген артисти:”Сыйлыктан кийин ырчы экенимди билдим”

Бөлүшүү:

Көптөгөн улуу-кичүү муундун жүрөгүнөн орун тапкан Шахрезада Аскарованы ким билбесин? Кубулжуган үнү менен далайларды тамшандырган талант дагы деле ташыркабай келет. Кечээ жакында гана сыйлыгын алып, терисине батпай кубанып турган ырчы менен кенен маектештик.

—Шахрезада айым, кепти концерттен баштайлы. Даярдыгыңыз кандай?

—Кудайга шүгүр, жакшы эле. Былтыр эле концерт берем дегем. Бирок каражат жок болгондуктан токтоп калган эле. Быйыл өзүмдүн айылдашым, элдин мыкты уулу Темир Сариев баардык жактан каржылап жаткандыктан, маанайым жакшы болуп, даярданып жатам. Концертим мыкты болот деп ишенем.

—Ретро концерт болот экен, жаңы ырларды жаздырып жатасызбы?

—1998-жылы концерт бергем. Андан бери концерт бербей, элдин уюштурган концерттерине катышып жүрдүм. Ретро концерт болгондуктан, эски ырларды кайра жаздырып, ырдап чыгайын деп жатам. Илгери ырдап жүрүп, деги эле клип тарттырбаптырбыз. Өзүнчө кассета чыгарып, “алтын казынага” да сактап койбоптурбуз. Кайда жиберсе эле барып концерт коюп келчүбүз. Ошондуктан жаңы ырларымды эми үнүн жаздырып сактатып коёюн деп атам. Алтымыштан ашып калдым, дагы канча жашайм, ким билет. Бирок, концерттин аягында жаңы ырларды сөзсүз ырдайм.

—Жеке концерт берүүнү сагынсаңыз керек?

—Сагынбай анан, сагындым. Бизди илгери жалаң өкмөт каржылачу. Азыр болсо, баарын өзүбүз чечип калбадыкпы. Бүгүн, буйруса, кыялым ишке ашканы турат, сүйүнүп, кубанып турам.

—Жылдыз болуунун даамын татып калдынызбы?

—Биздин жаштыгыбыз болдубу билбейм, жылдыз боло алган жокпуз. Илгери биз ырдаган ырлардын баары хит ырлар болуптур. Ырым хит болуп калыптыр деп кубанчу да эмеспиз. Аны биз билбей калыптырбыз. Кыргызстандын түндүк-түштүгүн кыдырып ырдаганда эл кол чаап койсо, ошого балкып кубанып эле жүрө бериптирбиз. Азыр сахнада жылдыздар көчөдө да жылдыз болушууда. Биз сахнада ырдап коюп, кайра көр оокатка аралашып кетчүбүз. Учурдагы сахнада жылдыздар машина айдап, жан сакчы алып жүргөнүн көрүп “иий” деп коём.

—Тойлорго чакырышабы?

—Анда-санда конок катары чакырылып калам. Улуу муундагылар таптакыр жок. Аларды көрүп, ичимден «биздин убакта той болгондо аябай байымак экенбиз»-деп ичимден ойлоном. Илгери кайсыл жактан келе жатасың десе «Таластан, Оштон же Баткенден» -дечү элек. Азыркылар болсо Версальдан келе жатам, же Алтын Казынадан чыктым деп айтышат. Бул да болсо замандын талабы, туура түшүнүш керек.

—Сиздердин убакта эл жакшылыктарына чакырчу эмес беле?

—Жок, биз өкмөттүн көзөмөлүндө гана ырдачубуз. Бир жолу Сагынбек Момбеков бир концертке барып ырдап кой деди. 30 гана рубль алгам. Эртең менен жумушка келсем «Аскарова катуу тартипте жазалансын»-деп жазып коюшуптур. Ошондон кийин таптакыр той аттууга баргыс болгом.

—Неберелериңиздин ичинен сиздин жолду жолдойм дегендер барбы?

—Эки неберем бар, чоңоюп калышты. Аларсыз бир күн жашай албайм. Убагында жумушка алаксып жүрүп, балдарыма көп көңүл бурбай калыптырмын. Азыр неберелеримди карыш жылдырбайм. Эки неберем тең спорт менен кетти, андыктан ырдагыла деп кыйнаган жокмун. Балдарымды да өз калоосуна койдум.

Мени деле эч ким ырда деп түртмөлөгөн эмес. Тескерисинче, «К0й ырдаба, сен машинаны жакшы тигесиң. Кийим тиккенди үйрөн»-деп абдан каршы чыгышкан. Болбой эле ырдап кеткем. Азыр тойлордо наристе балдарын апасына каратып коюп, өздөрүнүн чоң кыздарын бийлетип коюшат. Бул жаман көрүнөт. Баланын өзүнүн умтулуусу болсо, өзү эле аралаша баштайт.

—Концерттен кийин өлкөнүн баарына турне жасайын деген ниетиңиз жокпу?

—Жок, андай ниетим жок. Отчеттук концертимди берип алып, иш чараларга катышып жүрө берем. Сыйдын үстүндө акыл насаатыбызды айтып дегендей. Бул деле жакшы нерсе.

—Кечээки сыйлык алгандан кийинки толкундоолор басылдыбы?

—Жок, басыла элек. Жүрөгүмдү аралаган жылуулук дагы деле бүтө элек. Мына азыр да толкунданып турам. Сиздердин кесиптештериңиздердин бири куттуктаганда тим эле ыйлап жибере жаздадым. Ошол сыйлык алган соң, ырчы экенимди сездим, эмгегим элге сиңгенин билдим. Калкымдын жүрөгүндө ушунчалык бар экенмин. Кудайга миң мертебе шүгүр. Президенттин буйругу чыкканда куттуктоолор жамгырдай жаап, кубанган эле кишилер. Элим бар экен, өкмөтүбүз баалады. Сыйлыкты көп жылдарга күтүп калбадымбы. Качан колума алган соң, өзүмдү ырчылардын катарына кошуп, ырларымдын элге сиңип калганына тереңирээк ишендим. Ишенесиңби, «Эже, качан сыйлык аласыз»-деген сөздөн кадимкидей качып калгам. Жүрөгүм титиреп кетчү, азыр жүрөгүм толо кубаныч, өзүмдү бактылуу сезип жүрөмүн.

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: