Бүгүн, 22-июнда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум улантылды.
Соттук отурум учурунда прокурор Темирбек Бекмаматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин айыптоо актысын окуду.
Айыпталуучунун адвокаты Бакытбек Автандил уулунун айтымында, Канат Сагымбаев 11 эпизоддун биринде да күнөөсүн мойнуна алган эмес.
“Канат Сагымбаевдин айтымында, ага коюлган айыптоолорго макул эместигине карабастан, аны менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Эми анын туугандары да тергөө менен кызматташууга үндөп жатышат. Бирок анын абийири эркиндик үчүн мурдагы президентти каралоого жол бербейт” – деп билдирди адвокат.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча депутаттар – Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталып жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ