Menu

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Шинжандагы алаамат боюнча эл аралык коомчулуктун борбору Вашингтондо же Женевада эмес, Бишкекте”

Бөлүшүү:

– Эдил мырза, өткөн жуманын эң чоң жаңылыгы сиздин талабыңыз менен Башкы прокуратура Атамбаевдин мүлкүн текшерүү 6оюнча Улуттук коопсуздук кызматына тапшырма бергени болду. Ушул боюнча айтып 6ерсеңиз, жогору жак талабыңызды эске алганына ыраазы болдуңузбу?

– Ооба, биздин коомчулук ушул боюнча аягына чыкпасак болбойт. Тактап койчу бир маселе: мен Атамбаевдин үстүнөн даттанып, “баланчасын текшергиле” деп томолок кат жазган жерим жок. Алмазбек Шаршенович өзү былтыр апрелде Индира Жолдубаевага түрк фирмасы боюнча тапшырган документтери бар. Ошондо ал киши “мен таптаза, мына 35 миллион доллар сатканымдан тапкам” дегенин баарыбызга угузган мактанып. Мен, эсиңизде болуш керек, анткени эң көп ошол кезде “Майдан” гезити берип атты бул маалыматтарды, 35 миллион эмес эле, жанагы 45 миллиард түрк парасы 27 миң доллар экенин далилдеп бергем. Андан кийин ал калпын жабам деп атышып, Атамбаевдин аппараты жүз эсе көп калп айтып, фантастикаларды айтып салышкан. Менин оюмча бул жөн эле тамаша катары калбашы керек. Башкы прокуратура Жолдубаева учурунда бул маселени карабай койгон. Азыркы Башкы прокурор болсо баардык маалыматтарды топтоп, ошол эле Атамбаевге жана жалпы коомчулукка так жана даана жооп бериши керек: Алмаз Атамбаев чын эле бийликке келээрге чейин эле, өзү айткандай, долларчы мультимиллионер болчу беле же жокпу. Мына, азыр эми ошол документтер жок болуп чыгууда. Ага жооптуу адамдар жооп бериши керек, эмне үчүн жалпы элдин көзүнчө тапшырылган документтер боюнча корутунду чыгарылбастан, жоголуп кеткен. Ушул суроо эле Атамбаевди экс-президентгик макамынан ажыратууга жетиштүү болот. Анын калпы далилдене турган болсо, соттоонун же камоонун деле кереги жок. Президенттик антын бузган үчүн, экс-президент наамын алып салышыбыз керек. Анын экс-президент деген макамга ээ болуп жүрүүгө укугу жок.
Жетинчи апрелде буга алданган, шейит кеткен жаш балдардын аты менен ант бергени болсо – бул башка маселе. Ага моралдык-тарыхый жактан жооп берет. Бирок мойну менен тартып атат десек болот. Мына “таза бийлик орнотом, адилеттүү сотторду дайындайм” деп өзү койгон максатына жетпей Манас Арабаев аркылуу жасаган ишин Акаев-Бакиевдин доорлору менен салыштырсак болуп көрбөгөндөй акыйкатсыздык орун алганын көрүүгө болот. Баарынан кызыгы, өзүнүн желдеттери өздөрү казган аңга түшүп жатат.

– Айтсаңыз, Эдил мырза, азыркы президенттин атына да сындар айтыпып жатпайбы “туугандарын дайындап атат”деген. Ал жөнүндө мына Атамбаев дагы айтты теледеги интервьюсунда, кээ бир элдер дагы соцтармактарда жаман көрүп жазып, нааразы болуп жатышат. Сиздин оюңузча, мындай кептердин жүйөсү барбы?

– Сооронбай Жээнбековдун эки бир тууганы боюнча кеп болуп атса, агасы Жусуп, иниси Асылбек экөө тең ал киши президент болгуча эле, элдин көзүндө көтөрүлүшкөн. Аларды президент кызматка шайлангандан кийин бир кайсы жерлерге дайындаса сын айтууга негиз болмок. Бирок мен, мисалы, өзүнүн биртууганын дайындаса дагы, сын айтмак эмесмин. Шайланган президент ошол бир тууганына ишенип, кайсы бир жерин карматып, жардам бер деп атса,  биз жыйынтыгы туура эмес, ал ишенимди актай албаса кана сын айтууга укуктуубуз. Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса, туурабы? Мисалы, мына азыр соцтармактарда баардык көрүнгөн кишини, алыскы кишилерди деле “күйөө баласы” деп чыгарышууда. Кыргыздар эми ошол айылдын же райондун кайсы бир урпагына кудалашса деле, аны айтат эмеспизби, куда деп. Орусча болсо аны “зять-сват” деп которуп алышып, өздөрүнөн өздөрү шок болушуп, “Атамбаевдин сөздөрүнө ишенүүгө болот”- деп айтып чыгып атышат. Бир тууган кудасы Абжалиев мурунтан эле депутат болгон, бир тууган күйөө баласы дагы эчак эле кызматка дайындалган. Эми эмне кылыш керек президент? Дональд Трамп же Тайып Эрдогандай күйөө баласын эч жерге дайындай элек. Бирок дайындаган күндө дагы, ал тармакты тартып кете турган болсо, ошого ишенип атса, биз унчукпай эле туралы. Эки-үч жыл убакыт берели. Анан иш алдыга жылбаса, сын айтсак жарашат. Бирок ким сын айтса дагы, Атамбаев менен анан анын он чактыдай күйөрманы унчукпай эле коюшса. Соке шоопурун эч жерге кызматка дайындай элек, сержанттарга генералдык погон тага элек.

– Өткөн жумада Кытайдын Шинжанында биздин кандаш кыргыздарга каршы акыйкатсыз чаралар көрүлгөнү боюнча кабар тарады. Ар кандай сөздөр айтылууда? Сиздин оюңузча, 6издин мамлекет жана президент Жээнбеков кандай кадамдарга барышы керек? Балким, Кытайдын президентине кайрылса – абал оңолобу?

– Ооба, төбө чачты тик тургузчу жаңылыктар тарап жатат. Бизге дагы толугу менен жете элек. Бирок кадимкидей эле ааламат болуп аткандай чек аранын аркы жагында. Акыркы жолу биздин элибиздин башына мындай кара күн жүз жыл мурун, 1916-жылы түшкөн. Англисче абдан көп деталдуу отчёттор чыгып атат. Аны окусан, адам тарыхында мынча методикалык маданий геноцид болгон эмес деп атышат. Түздөн-түз салыштырмалар нацисттик концлагерлери менен болуп жатат. Кызыл-Суу автономдук облусу менен жалпы Шинжанда 220-230 миң кыргыз жашаса, ошолордун 50 миңи азыркы учурда камакта экени чын болуп чыгууда. Биз башында укканда ишенген эмеспиз, бирок бул сан эң эле аз дегени. Эркектин баары эле камалыптыр. Үйдө калгандары дагы күнүгө таң атпай аянтка барып, желек көтөрүп, кытай гимнин аткарып, кечинде кайра түшүрүшөт экен. Күндүз болсо ошол “тарбиялоочу курстарга” катышат экен. Камалбаганы эле болбосо, режими ошол түрмөдөгүдөй эле экен. Андан тышкары ар бир үй-бүлөгө бирден кытай бекитилип, ал ай сайын эң эле аз дегенде он-он беш күндөн түнөп, үй-бүлө ичинен көзөмөл жүргүзөт экен, үй-бүлө башы десек болот. Мындай тоталитардык коом адам тарыхында болгон эмес. Мен ишенем, улуу Кытай эли бул макаачылыкты көп өтпөй эң чоң катачылык кана эмес, кылмыш катары таанышарын. Азыркы Кытайдын жетекчиси өзү араң аман калган, атасы Мао Цзе Дундун “маданцй ыңкылабы” учурунда айдалып кеткен.

Биздин мамлекет буга сабырдуулук менен, жакын коңшу жана ишенимдүү өнөктөш катары, тууганча тынчсыздануусун билдириши керек. Өкүрүүнүн кереги жок. Азыркы соцтармактар талабы боюнча, эч кандай реакция кылууга болбойт. Менин сүйунгөнүм, азыркы мамлекет башчыбыз токтоо жана оор басырыктуу болгонуна. Болбосо, муруңкубуз эчактан эле атырылып, “мен жакшы, сен жаман” деп айтып чыкмак. Жок, бул туура эмес жана эч качан Кытай менен иш алып барганда беттен алуу болбойт. Сын айтсак болот, бирок тууганча. Эч кимге угузбай. Мамлекетибиз үн чыгарбасын. Мына байкасаңыз, азыр бизден чоң, миллион эсе бай мамлекеттен бир дагы реакция жок. Мына Сауд Арабия. Мына Туркия. Мына Иран. Баары мыш-мыш. Сын айткандар баягы эле Батыш өлкөлөрү. Ошол эле учурда, мамлекетибиз унчукпаса, коомубуз тынч отурушу керек дегенге барабар эмес. Жок, тескерисинче, уйгур, дунгандын мамлекети жок, бирок кыргыз элинин таянар тоосу, биз барбыз. Кандаштарыбыз үчүн биз милдеттүбүз. Бул моралдык жактан милдетибиз толук маалыматты алып, ошону бири бирибизге жеткирип туруу. Азыр эл аралык коомчулукка даттанышыбыз керек деп айтышууда. Жок, туугандар, бул маселе боюнча эл аралык коомчулуктун борбору Вашингтон же Женевада эмес, Бишкекте. Менимче, Кытай жетекчилиги биздин элибиздин достугун сыйлайт жана жакын коңшусун барктай алат. Америка эли эмне десе десин, бирок кыргыз элинин пикири бир канча эсе маанилүү деп ишенем. Акыркы жыйырма жылдын ичинде курган мамилебизди, достугубузду бир заматта тобокелге салып, кыйганга бара албайт Пекин. Алар жанагы Үрүмчүгө биринчи катчы болуп келген, ушул кампаниянын автору Чын Чуан Гуого кыргыз элинин баркын жана тарыхый ролун түшүндүрүп коюуга, биздин кандаштарыбызды тез арада бошотууга буйрук берет деген ойдомун.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: