Menu

Айлыгы алкымына жарашкан Шамкеев

Бөлүшүү:

Айрымдар айлыгынын канча экенин билбей олтурганда айрымдар очойгон айлыгына маашыркап, анан да «док» артканга өтө башташты. Карагыла, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеевдин эмне иш кылып олтурганын эч ким билбейт. 107 000 (жүз жети миң) сом айлык алат. Кошумчасы (премия), анан дагы тиги-бусу менен 150 000 (жүз элүү миң) сом айлыкты айына алып, бюджетти кемирип олтурган Шамкеевдин эч кандай аракети байкалбайт. Шамкеевдин «шарапаты» менен үй-жайлуу болуп деле жыргап кете элекпиз… Дегеле, бул тармактын эмне иш кылып жатканын аңдаган киши жок. Анан дагы Жогорку Кенештин комитет жыйынында: «Мен 107 000 (жүз жети миң) сом айлык алам. Менин жасаган иштерим мындай айлык алганга жарашат» деп күпүлдөгөн. Эмне иштерди аткарып атканы боюнча кененирээк айтып берип койбойбу. Же айтканга эки ооз сөзү жокпу? Же Шамкеев айлык алгандан башка иш кылбайбы? Деги ушул өңдүү бюджетти кемирген «келемиш» сыяктуулардан качан арылабыз?

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: