Menu

Окуучулар сот тутуму туурасында маалымдуулугун жогорулатышууда

Бөлүшүү:

“Кыргызстан  сот аялдар ассоциациясы”  коомдук  бирикмеси  Сот системасы жөнүндө бир катар лекцияларды уюштурушту.  Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Мындай иш чаралар өлкөнүн жети облусу жана Бишкек менен  Ош  шаарларын кошкондо  27  мектепте өтүп, “ Сот тутуму туурасында маалыматтуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында, Биргеликте башкаруу боюнча  программасы аркылуу каржыланды.

Лекцияларды  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын, жергиликтүү соттордун судьялары өткөрүшүп, ага  жогорку класстардын 3 миңден ашык окуучулары  катышты.

Иш чаралардын негизги максаты, мектеп окуучуларынын сот  тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатып, судьялар менен жолугушуп, коомчулуктун сотторго болгон ишенимин арттыруу болуп саналат.

Өз кезегинде фемида өкүлдөрү эмне үчүн көз карандысыз сот тутуму керек экендигин, соттор кантип адам укугун коргоп жаткандыгын айтып беришти. Мындан тышкары окуучулар сот тутумунун жарандардын жашоосундагы ролу жана укуктук маалыматты кайдан алуу керек экендиги туурасында кеңири маалыматтар берилди. Белгилей кетүүчү жагдай, “Кыргызстан  сот аялдар ассоциациясы”  коомдук  бирикмеси  “ Мен Кыргызстандын сот тутумун билем” деген аталыштагы китеп куралдарын  даярдашып, лекция учурунда бардыгына таркатылып берилди. Бул окуу куралы бир гана окуучулар үчүн эмес, мугалимдерге жана ата-энелерге дагы укуктук жактан жардам бермекчи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 60 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: