Тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов Facebook социалдык тармагындагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун Ош облусундагы Кара-Кулжа айылындагы үйүнүн сүрөтүн жарыялады.
“Сооронбай Жээнбеков туура үч жылдан бери бул үйүнө барып кеңири уктай да элек болчу. Ага протокол деген балекет жол берчү да эмес. Эми өз кызматынан элинин амандыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты өйдө койгон ээсин бул үй чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Өз өлкөсүнөн өңгө жака качып баш калкалап калбаганына, түбөлүк зарыга күттүрбөй калганы үчүн жансыз үйгө жан бүтүп сүйүнүп жаткандыр…” деп жазган Кыяс Молдокасымов.
“Бул сүрөттү туура 50 күн мурда короолош жашаган эң кенже карындашым менен күйө баламдын үйүнө барганда тартып алдым эле. Эмнегедир бүгүн бөлүшкүм келди” – деди Молдокасымов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ