Нарындагы Жумгал районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Турарбек кызы Нурбүбү аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Нарын облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 2004-жылы туулган Турарбек кызы Нурбу 14-ноябрда, кечки саат 22:00до үйүнөн эч себепсиз чыгып кетип жоголгону боюнча апасы эртеси, 15-ноябда арыз менен милицияга кайрылган. Ал маалымат боюнча кызды издеп, бүгүн Жумгал РИИБнин кызматкерлери тапкан. Алар кыздан кетип калганынын себебин сураганда, ал агасына таарынып, тааныштарынын үйүнө кетип калганын айтып берген. Ал эми айылдаштарынын айтымында, аны агасы: “телефон чукулабай, тамак жаса!”,- деп урушуп койгон. Ал боюнча кызга түшүндүрүү иштерин милиция жүргүзүп, аны апасына аман-эсен тапшырып беришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ