Menu

Садык Шер-Нияз, ЖК депутаты: “Орхон-Енисей жазуусун кыргыздар, биздин өлкө, кийинки муун билиши зарыл”

Бөлүшүү:

– Латын алфавитине өтүү маселеси козголуп жатат. Жогорку Кеңештин жыйынында “бул саясый маселе” деп калдыңыз. Ошондо бул тууралуу сөз козгоого эртеби? 

– Латын алфавити боюнча али эрте деп ойлойм. Латын алфавитине өтүү – чоң саясый маселе болуп калды. Экинчнден, кандайдыр бир каражат талап кылат. Бүгүнкү күндө биз даяр эмеспиз да.

– Бул демилге улам көтөрүлүп келет. Жакынкы коңшу өлкөлөрдүн баары бул алфавитти пайдаланып келишүүдө. Кайсы бир жылдары биз да бул алфавитке өтөбүз да? Бирок, дагы бир маселе ойлондурат, мисалы, түштүктө элибиз өзбектешип кеткен. Бул абал ого бетер өрчүбөйбү? Балким Орхон-Енисей жазуусун колдонсок кандай болот?

– Орхон-Енисей жазуусу андан бетер кыйын. Анткени ал өтө мурунку архаикалык багыттарга кирип калды. Бирок Орхон-Енисей жазуусун кыргыздар, биздин өлкө, кийинки муун билиши зарыл. “Орхон-Ениссй жазуусу” деп айтканыбыз да туура эмес. “Байыркы кыргыз жазуусу” десек болот. Бул биздин мамлекеттин күчтүүлүгүнө, көз карандысыздыгына байланыштуу. Бүгүнкү күндө эң жөнөкөй негизги маселелерди чече албай жатабыз, анан буга али көп бар. Эгер мамлекет күчтүү болсо, бул ишти аткарса болот.

– Кыргыз тилинин статус алганына 30 жыл болду. Бүгүнкү элдин, жаштардын мамилеси, тилдин абалы тууралуу эмне айтасыз? 

– Бүгүн прогресстин заманы болуп, биз орус, англис тилине утулуп калган позициялар бар. Бирок кээде турукташкан позициялары дагы бар. Бул күрөш токтобойт, улана берет. Биз ошого карабай тилибиздин өнүгүшү үчүн аракет кере беришибиз керек.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: