Menu

Өзбекстанда марафонго чакырылган бала бакча тарбиячылары көчө тазалоого мажбурланды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Навои облусундагы Зарафшан шаарында бала бакча кызматкерлери алгач спорттук марафонго чакырылып, бирок кийин көчө тазалоого мажбурланышканын билдиришүүдө.

ֿ«Бизге 15-июлда спорттук марафон өтөт деп, иш-чарага спорттук кийим менен келишибиз керектигин айтышкан. Бирок баргандан кийин көчө шыпырууга мажбурлашты», — деди жергиликтүү бала бакчалардын биринин тарбиячысы.

Дагы бир тарбиячы мектепке чейин билим берүү мекемелеринин кызматкерлери дайыма көчө шыпырууга мажбурлана турганын, баш тарткандарды жумуштан кетирүү менен коркутушарын айтты.

Жергиликтүү акимчиликтин өкүлү анда бала бакча кызматкерлеринин мажбурланып иштетилгендиги боюнча маалымат жок экенин билдирди. «Бизде жума сайын Саламаттык күнү өтүп турат. Бул күнү кызматкерлерибиздин бардыгы дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, гимнастика менен алектенишет. Дене тарбияны мажбурлап иштетүү деп айтууга болобу?», — деди акимчилик өкүлү.

Буга чейин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев бюджеттик мекемелерде иштегендер, анын ичинде мугалимдер, дарыгерлер жана бала бакча тарбиячылары көчө тазалоого мажбурланбашы керектигин билдирген.

Бирок мамлекет башчынын эскертүүсүнө карабастан, аймактагы аткаминерлер дале болсо мажбурлап иштетүү тажрыйбасынан баш тартпай келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: