Menu

Видео – Парламентте “Мегакомдун” башчысы Акылбек Жамангулов куугунтукталып жатканы айтылды

Бөлүшүү:

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия ишин баштады. Бул тууралуу 22-майдагы парламент жыйынында депутат Мирлан Бакиров маалымдады.

Депутат «комиссиянын корутундусун күтпөй эле ички иштер органдары «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловдун ишин текшерүүгө киришкени туура эмес» деген оюн билдирди.

Дагы бир депутат Жанарбек Акаев «коррупциялык схеманы ачыкка чыгарганы үчүн Жамангулов куугунтукка кабылбашы керек» деди.

Жогорку Кеңеште «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 млн. сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

17-майда комиссиянын алгачкы жыйыны өтүп, анда «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов өзүн Иманкадыр Рысалиев коркутуп-үркүткөнүн айтып чыккан. Рысалиев муну жалаа деп баалап, прокуратурага кайрылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: