Menu

Видео – Темир жолчулар: “Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Кыргыз темир жолуна” Нарындык, Кочкорлук жердештерин топтоп алды”

Бөлүшүү:

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын 2019-жылдын биринчи 4 айында тапкан кирешеси былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсе азайып кетти”, – деп билдирди бүгүн, 23-майда темир жол жумушчуларынын профсоюз уюмунун өкүлү Сыйнат Ибраимова.

“Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы дайындаган “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын генералдык директору Канатбек Абдыкеримов да премьер-министр сыяктуу эле  Нарын облусунун Кочкор районунан болот. Темир жолго тиешеси жок, айыл чарба институтун бүтүрүп, айыл чарба адиси болуп жүргөн”, – деди Ибраимова.

“Эми Кочкорлук Канат Абдыкеримов ишкананын материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнүн начальниги кызматына Нарындык жердеши, премьер-министр Абылгазиевдин курсташы Мирлан Тариелов дегенди алып келди.  Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн начальниги кызматына Алыбек Апазовду дайындады. Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн жердештери жана курсташтары аркылуу  “Кыргыз темир жолундагы”  каржылык агымдарды көзөмөлгө алып жатабы? Жердештерин жыйнап алып, Кыргыз темир жолун менчиктештиргени жатат” – деди Сыйнат Ибраимова.

“Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкүл баласы, Каржы полициясынын начальнигинин орун басары Эмил Жамгырчиев биздин сындан кийин профсоюз уюмун текшерүүнү уюштуруп жатат”, – деп жыйынтыктады Ибраимова.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: