2018-жылдын 8-январындагы КР БШКнын отурумунда 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасы бекитилди. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирет.
Шайлоо бюллетендерин, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан бекитилген бюллетендердин тексттерине ылайык, бекитилген формасын жана сактоо даражасын колдонуу менен “Учкун” ААКсында даярдоо ишке ашырылат.
Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгына жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялары башкармалыгына шайлоо бюллетендеринин формасына жана сактоо даражасына карата талаптарды камсыздоо максатында, шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде алдын-ала тестирлөөнү ишке ашыруу тапшырылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ