Menu

Коронавирустун жана пневмониянын статистикалык маалыматтары бириктирилиши мүмкүн

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун жана пневмониянын статистикалык маалыматтарын бириктирүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде  билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги пневмония жана коронавирустун статистикасын жашырып жатат деген көптөгөн сөздөр айтылып жатат. Бирок министрлик андай кадамдарга барган жок.

“Өлкөдө коронавирус катталган күндөн тарта пневмониянын бир-эки гана учуру катталган. Коронавирус диагнозу ПЧР-тесттин жыйынтыгы менен гана коюлуп келген. Бирок, азыр пневмония менен ооругандардын санынын көбөйүшү менен алар ПЧР-тестин тапшырбай эле ооруканага жаткырылат. Анткени аларга ПЧР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, тезинен жардам көрсөтүү керек” – деди Айнура Акматова.

Айнура Акматова пневмония менен ооруган ар бир адамга жардам берилип жаткандыгын кошумчалады.

Бишкекке жардам көрсөтүү үчүн бардык облустардан 106 медицина кызматкерлери келишкен. Ысык-Көл облусунан – 35, Талас облусунан – 23, Нарындан – 20, Чүйдөн – 4, Баткенден – 24 дарыгер келишкен. Ошондой эле 5-июлда Россиядан 23 медициналык кызматкер келди.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: