Menu

Видео – Өмүрбек Текебаев түрмөдө олтурган кезде кызматкерлер тинтип издеп таппай койгон уюлдук телефондорун кайда катканын айтып берди

Бөлүшүү:

“Биздин өкмөт, бизнес структураларынын жетекчилери креативдүү ой жүгүртүшү керек. Стандарттуу эмес чечимдерди кабыл ала билиши керек. Бул стереотип, көнүмүш деген абдан чатак иш. Бул тоодой болгон нерсе, ордунан жылдыра албайсың. Атадан балага калган көз карашты айтып, ушундай болушу керек деп тура бересиң . Жаныңда башка чечим турса, аны таптакыр көрбөйсүң” – деп билдирди “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналист Марат Тагаевге берген маегинде.

“Мисал катары түрмөдө болго окуяны айтып бергим келет. УКМК, Сегизбаев менин үстүмөн катуу көзөмөл кылып, телефон менен да сүйлөшпөсүн деп, жалгыз олтурган камеранын шыбына камера коюп, ар бир чарчы сантиметрди көзөмөлгө алып турду. Жумасына 3-4 жолу 7-8 кызматкер келип, ар бир чарчы сантиметрден телефон издешет эле. Айласы кеткенде, жетекчи Айбек: “Байке, бизди кыйнабаңыз. Балдардын убалына калбаңыз. Сегизбаев күнүгө “распечаткаларды” жөнөтүп жатат. Кечээ эле 12 жолу телефон чалып сүйлөшүптүрсүз. Биз таба албасак, жумуштан кетебиз” деп суранат эле. Аларды аяп, сырымды ачып жибергим келет эле. Бирок, өзүмдү-өзүм кармайт элем” – деп билдирди Өмүрбек Текебаев.

“Мен кайсыл жакка каттым? Эмне үчүн алар таба албады? Менин алдымда корвавол дарысы турат. Жүрөгүм ооруган үчүн кээде ичем. Алар жарым саат, бир саат издегенде” жүрөк ооруп кетти” деп, дарымды алып, тамчылатып ичип коюп олтура берем. Анан издешет, таппайт. Дарынын кутучасынын ичиндеги нускамасында телефон катылган. Начальниктин алдында турат, мен улам ачып, корвалол ичип коём, алар муну табышпайт. Башка дагы дары-дармектер бар. Солдат келип карайт, дарыны көрүп кетип калат. Чыгарсаң, нускамасы турат, анын ичинде дагы кичинекей телефон бар. Мунун дүйнөлүк кризиске кандай тиешеси бар? Түрмөдө адамдар 500 сомдук чоң телефондор менен сүйлөшүшөт. Солдаттар чоң телефонду же смартфонду издешти. “Кичинекей телефон болот, издегиле” деп эч ким көрсөтмө берген эмес. Мына, стандарт деген ушул. Алдында турса дагы, ушул жерде болуп калышы мүмкүн деген ой жети уктаса дагы түшүнө кирбейт. Анткени алар өздөрү көрүп жүргөн телефонду издешти. Стандарттуу ой жүгүртүү деген күчтүү нерсе. Ал өзгөрбөйт. Мен айткандай аска зоодой. Маңдайында турган нерсени көрүшкөн жок. А эмне үчүн мен медикаменттерге салдым? Анткени, түрмөдө солдаттай элесиң. Каалаган учурда “кеттик” деп башка жакка алып кетиши мүмкүн. Шылтоо таап камап коюшу мүмкүн. А бирок, сен ар дайым зарыл болгон медикаменттерди жаныңда алып жүргөнгө укугуң бар, көтөрүп алып кете аласың. Ошон үчүн булар башка жерге катылбастан, дал ушул медикаменттердин ичине катылган” – деди Өмүрбек Текебаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: