Аз күн мурда Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге каршы тымызын жыйын уюштуруп, Өмүрбек Суваналиев, Адахан Мадумаров, Бегалы Наргозуев, Равшан Жээнбеков сыяктуу лидерлердин башын кошуп, төрдө чокчоё сүйлөп отурду. «Мына, Атамбаевдин ишенген Икрамы ачык эле Келдибековго ыктап, аны менен Жалал-Абад облусунда Азимбек Бекназаров менен жолугушуу уюштуруптур. Келечекте «Ахматты хан көтөрөм» десе силер колдойсуңарбы?» деп Текебаев береги пикирлештерине сөз таштайт. А жерден элден биринчи эле Адахандын чекеси тырышып, титиреп барып араң оңолуптур. Беркилер мыйыгынан жылмайган боюнча тарап кетишиптир да-а…
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ