Menu

«Жайыттар жөнүндө» мыйзам Бюджеттик кодекс менен Жер кодексине шайкеш келтирилүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 1-окууда талкууланды.

Комитет жыйынында КР Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев мыйзам долбоорунун концепциясы менен тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору КР Бюджеттик кодекс менен Жайыттар жөнүндө мыйзамдын ортосундагы карама-каршылыктарды жок кылууга багытталган. Ага ылайык, жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга көзөмөл кылуу, мыйзамдардагы түшүнүктөрдү бирдейлештирүү максаты коюлган. Маселен, жайыттар үчүн «акы төлөө» түшүнүгү «жыйымдар» деген түшүнүккө алмаштырылууда. Жайыттар үчүн жыйым жыйноонун конкреттүү мөөнөттөрү аныкталууда.

Жүргүзүлгөн жайыт реформасына байланыштуу жайыттарды башкаруу түп-тамырынан бери өзгөрүлгөн. Андыктан, ар кандай кайчы пикирлер чыкпашы үчүн Жер кодекси менен «Жайыттар жөнүндө» мыйзамы бири-бирине шайкеш келтирилүүдө. Мындан сырткары, мыйзам долбоору менен «жайыттарды жакшыртуу», «жайыттарды үстүртөн жакшыртуу», «жайыттарды түп-тамырынан бери жакшыртуу», «маданий жайыттар», «тоют өсүмдүктөрү», «шалбааландыруу» деген түшүнүктөр киргизилүүдө. Ошондой эле жайыттардагы малдын басымдуу деӊгээлин аныктоо тартиби боюнча жобо, жайыттардын абалы менен сапатын баалоого мониторинг жүргүзүү методикасынын тартибин аныктоо, жобо, жолдомо, эрежелер боюнча укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу КР Өкмөтү тарабынан бекитилүүсү сунушталган.

Талкууда комитет мүчөлөрү тиешелүү министрлик жана мекеме өкүлдөрү менен жайыттарды бүгүнкү күндөгү акыбалын талкуулашты. Жайыттарды пайдалануудан түшкөн каражаттарды жайыттарды жакшыртууга, аларды инвентаризациялоого жумшоо маселелери белгиленди. Комитет төрагасы Нурбек Алимбеков жайыттарды сактап калуу боюнча аткаруу бийлигинен конкреттүү иш-план талап кылып, сунуштарды, пикирлерди ортого салып чогуу-чаран талкуулап, реалдуу иштей тургандай бир жыйынтык, тыянак чыгарсак дейт.

Соӊунда комитет мүчөлөрү сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: