Menu

Бийсейид Түлөбердиев: “Сооронбай Жээнбеков Атамбаевди камоодо бир жыл кечикти”

Бөлүшүү:

– Бийсейид мырза, редакцияга бат-бат келип турчу элеңиз, көптөн бери көрүнбөй калдыңыз да. Кайда жүрөсүз? Жайдын ысыгында Кой-Таштагы концертке барып аттыңызбы?

– Карапайым адам чет өлкөгө барып эс алмак беле? Өзүмдүн эле үйүмдө көртирилик менен алышып жүрдүм. Сага Кой-Таштагы концертти айтып берейин деп келдим.

– Алмазбек Атамбаевдин номур биринчи тарапташы эмес белеңиз. Айтыңызчы ичиңиздеги букту?

– Мен Бакиевге каршы болуп, Атамбаевди колдоп жүргөнүмдү танбайм. 2009-жылы Алмазды колдоп, Таластын Кара-Буурасынан Бишкекке көчүп келгем. Себеби, Кара-Буурадагы мамлекеттик кызматта турушкандардын баары Бакиевди колдоп, бизди теңсинген эмес. Атамбаевдин элге берген убадасына ишенип, аны колдоп, айылдан шаарга көчүп келгенибиз акталбады. Ал убадасына турбады. Ал тургай апрелде өлгөн азаматтардын ой-максатын таш каптырды. Атамбаевге ишеним 2010-жылдан кийин эле кеткен. Анан мен анын Кой-Таштагы концертине бармак белем? Кой-Таштыктардан Атамбаевдин үйүндө жаткандарга алгач 1000, 2000 сом берип жатканын, аягында бул сумма 15 миң сомго чыкканын уктум. Мени дагы ошол жакка барып, акча алып атыптыр деп айтышыптыр. Алмаздын үйүнө басып барганым жок. Ал жерде 2010-жылы чыккан кыргыздын азаматтары болбоду. Атамбаев бийликке келген күндөн баштап элдин баарын бирдей караганда, азыр да эл аны менен бирге болот болчу. Өзүнүн шоопурун, таразачысын элден жогору коюп, калгандар менен иши болбогону үчүн анын максаты ишке ашкан жок. Өзбек тилиндеги “Али Баба” деген кинону көрүп, андагы алтын чыккан жерге 10 эшекти алып барып байлык дегенде өлгөн өзбектерди аябай сындачу элем. Атамбаев андан да ашып кетпедиби. Бул бизди баардык элдерге шылдың кылды.

– Сизге дагы Кой-Ташка баралы деп адамдар келиштиби?

– Жүр деп адамдар айтышкан. Макул болбой койгом. Таластан тааныштар телефон чалып, “Сен дагы ошол жерде жүрүптүрсүң” деп айтышты. Аларга кимдер айтса, ошолордун аты-жөнүн билип койчу дедим. Алмаздын үйүнө бут басып барбаган адамды барды кылып, элге атайын ушак таратууга аракет кылышты. Бизди дагы деле Атамбаевди колдошот деп көрсөткүлөрү келишти. Коомчулукка Атамбаевдин Кой-Таштагы бекер концертине, бир чыны буканын сорпосу менен миң сомуна барбаганымды айтып коёюн деп келгем. Бекер буканын сорпосу менен арам миң сомсуз эле тирилигим өтүп келатат. 2010-жылдагы революцияга катышкан адамдарды дагы деле Атамбаевдин тарапташтары, ал үчүн жанын бергенге даяр деп көрсөткөндү токтотушсун! Биздин көңүлүбүз Атамбаевден эчак калган. Убадасын унуткан адамдан эч нерсе күтпөш керек. Атамбаев элге кызмат кылбаса, байлыкты кол алдындагылар менен чогуу өздөрү үчүн жыйнаса, эмнеге аны колдошум керек? Мен аны “Бийликке келсем Акаев менен Бакиевди жазага тартып, уурдалган байлыкты мамлекетке кайтарам” деген сөзүнө ишенип колдогом. Мага окшоп көп адамдар курулай убадага ишенген экенбиз. Алмаз бийликке жеткенден кийин улутту шылдыңдабадыбы. Кыргыз деген улутубузду паспортубуздан дагы алдырып салды. Улут үчүн күйгөн адам ушул кадамга барабы? Улутка жасаган чыккынчылыктын чеги деп ушуну айтса болот. Сооронбай Атамбаевди камоодо бир жыл кечикти. Бир жыл мурун камаганда адам өмүрү да кыйылбайт болчу.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: