Menu

Жеңиш Жоробековдун кызматтан кетиши менен Жалал-Абадда КСДПнын таасири жоголо баштады

Бөлүшүү:

28-майда айрым аймактарда жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өткөнү турат. Бу саам биз Жалал-Абад, Таш-Көмүр шаарларында өтө турган саясый таймаштарга саресеп салып көрөлү. Эсиңерде болсо, мурдагы шайлоодо Жалал-Абад шаарында КСДП алдыга озуп, биринчиликти алган болчу. Себебин тыңдай келсек, агезде ОИИБ башчысы Жеңиш Жоробеков болгону, карапайым калк мындай адилеттүү жетекчини сыйлап, ошого катар аксакалдар, жаштар, спортчулар, жадагалса бизнесмендерден бери колдошуптур. Жеңиш мырзанын урматы, анын таасири үчүн КСДП аталган аймакта алдыга озуп келгенин билебиз. Бирок, үлгүлүү жетекчини эч себепсиз кызматынан алып койгондон кийин, КСДПнын кийинки саясый тагдыры Жалал-Абадда оорлошо баштаптыр. Электораты арбын, таасирдүү күчтөр «Өнүгүү-Прогресс», «Республика» партияларына өтө баштаганы бийликти чочутпайбы? А жергиликтүү жетекчилердин деңгээлдери начар экенин билесиңер да. Губернатор Кыянбек Сатыбалдиев кыйратып деле эл менен иштей албайт экен. Ток этери, 28-майда КСДП шайлоодо тизменин артында калганы турат. А эмне кылыш керек анда? Бир гана жолу бар. Кайрадан профессионал полковник Жеңиш Жоробековду татыктуу кызматка көтөрүү зарыл, ошондо гана аталган облуста саясый кырдаал калыбына келе баштайт. А болбосо иш чатак! Негизи Жеңиш мырза ушу тапта кызмат үчүн деле чуркабай, кичи ажылыкка даярданып атканын эшиттик. Бүгүн болбосо, эртен, ИИМдеги айрым «крысалар» ээрден шыпырылганда биздин каарманыбыз кайтып келе турганы күтүлгөн көрүнүш. Ал душмандар менен мыйзамдуу жолдо эсептешип алууну да билет. Бирок, бул жерде кеп башка, Жоробековду Жалал-Абад ОИИБсинен кетирүү менен КСДПнын ал жактагы таасирин кошо чапканы болуп атпайбы. Интриган «крысалар» муну кайдан түшүнүшмөк эле? Болгону алар ишбилги, таза полковникти убактылуу чегинтишти, а келечек, күрөш али алдыда…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: