Menu

Кадамжай районунун тургундары чек арадан жылкыларды мыйзамсыз өткөрүп жаткан учурда кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 10-сентябрда Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен району менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун чек арасында аткезчилик токтотулду. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик ветеринардык фитосанитардык инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-сентябрда рейд учурунда КР Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Баткен облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн инспекторлору Кара-Бак айылында чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан эки жылкыны кармашты.

Кармалгандар Кадамжай районунун Охна айылынын тургундары болушкан. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аларга үчүнчү категориядагы 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, андан кийин Кадамжай районуна жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: