Бишкектеги “Интергельпо” көчөсүндө жайгашкан ишканалардын биринде өрт кырсыгы катталып бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 16- октябрь күнү саат 16:27 де ӨКМге “Интергельпо” көчөсүндөгү ишканалардын бири өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Кырсык катталган жерге барган ӨКМ кызматкерлери саат 17:19 да өрттү толугу менен өчүрүп бүтүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 55 жаштагы К.Р.Т аттуу адам түтүнгө ууланып каза болуп, кароолчунун бөлмөсүндөгү 4 чарчы метр кийим-кече, килем, эшик терезелер күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ