Menu

“Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүн мүмкүнчүлүктөрү” аттуу конференция өтүп жатат

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында  “Изилдөөчүлөрдүн жана эксперттердин диалогу – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык өнүгүүсүн мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы эки күндүк илимий-практикалык конференциясы өтүүдө. Иш-чараны УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту жана КМШ мамлекеттеринин гуманитардык кызматташуусунун Эл аралык фонду уюштурган. Бул туурасында Академиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун директору Токтобүбү Дыйканбаева конференцияны ачып жатып, иш-чарага белгилүү окумуштуулар, Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын илимдер академиясынын өкүлдөрү, Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Беларусиянын, Казакстандын жана Россиянын жогорку окуу жайлары менен илим изилдөө мекемелери, экономика, геосаясат, социология, эл аралык мамилелер тармагындагы эксперттер катышып жаткандан кийин, аталган конференция интеграциялык байланыштарды кененирээк көз караш менен караганга жол ачып бериши керек деп билдирди.

Иш-чарага катышып жаткан окумуштуулар Евразиялык интеграциянын натыйжалуулугу жана сектордук ассиметриясынын өз ара карым-катышы, Евразиялык интеграциянын контекстиндеги эл аралык соода-сатыктын диверсификациясы, ЕАЭБге башка мамлекеттердин мүчө болушунун жакшы жактары сыяктуу интеграциялык аракеттешүүнүн бир катар маселелерин талкууга алышты.

Экономика институтунун башкы илимий кызматкери, экономика илимдеринин доктору Калил Жумабаев билдиргендей, тышкы эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын потенциалын жогорулатуу абзел.

“Биздин өлкөгө эмгек жана билим берүү тармагына модалдык мыйзамдар керек, ошондой эле укуктук негиздеги экономикалык мамилелерди жөнгө салып туруучу, мигранттардын укугун коргоо боюнча ЕАЭБдин деңгээлиндеги механизмдерди иштеп чыгуу зарыл” – деди окумуштуу.

Ал эми конференциянын экинчи бөлүгү эртең Евразиялык интеграция мамилесин башка өлкөлөр менен биргеликте улантуу деген тема менен уланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: