Menu

Бүгүн мурдагы саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКга суракка бара тургандыгын айтты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-октябрда мурдагы саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКга суракка бара тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

“Бүгүн күбө катары суракка УКМКга барам. Балким, мен дагы массалык башаламандыктардын “Уюштуруучусу” болуп калам”, – деп билдирүү калтырган ал.

Белгилей кетсек, 6-октябрда Бишкектеги башаламандыктан эртең менен экс-депутат Равшан Жээнбеков Бишкектеги СИЗО-1ден бошотулган.

Эсиңиздерге сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда ИИМге суракка чакырылып, ага Кой-Таш окуялары боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулуп, бир топ адамдын аты аталган. Алардын арасында Равшан Жээнбеков да бар болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: